Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1829 - жылы 22 - мартта Грециянын курулушуна байланыштуу токтомго Лондондо өткөрүлгөн конференцияда Европа мамлекеттеринин элчилери тарабынан кол коюлду.
*** 1888 – жылы 22- март күнү Британияда дүйнөлүк футболдун эң эски футболдук уюму English Football League курулду.
*** 1943 - жылы 22 - мартта Түркия менен АКШнын ортосунда бири бирне карата радио берүүсү ачылды.
*** 1945 - жылы 22 - мартта Египет, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Арабия, Ирак жана Йемен Каирде Араб лигасын курушту.
*** 1963 - жылы 22 - мартта тарыхтын мыкты беш жүз альбомунун арасында орун алган The Beatlesтын биринчи альбому Please Please Me сатыла баштады.
*** 1968 - жылы 22 - мартта Парижде Нантерре университетинде АКШнын Вьетнамда жүргүзгөн согушка каршы чыккан жана билим берүүдө реформаны каалаган студенттер Даниэль Кон - Бендиттин лидерлигинде университетти басып алып «68 окуяларын» баштады.
*** 2001 - жылы 22 - мартта Түркиянын биринчи аял учкучтарынын бирөөсү жана дүйнөнүн биринчи аскердик учак учкучу Сабиха Гөкчен дүйнөдөн кайтты. Сабиха Гөкчен Мустафа Кемал Ататүрктүн сегиз бакма баласынын бирөөсү болгон.