Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1163499
Тарыхта бүгүн

 

*** Осмон империясы менен Союздаш мамлекеттердин арасында кол коюлган Монтро келишиминен кийин Осмон мамлекетинин борбор шаары Стамбул 1920 -  жылы 16 – мартта экинчи жолу басып алынды.

 

***1921 -  жылы 16 -  мартта Советтер союзу Анкара өкмөтүн расмий түрдө тааныды. Москва Келишимине кол коюлду. Бул келишим болуп жаткан Түрк Боштондук Согушу учурунда Анкара өкмөтү тарабынан эл аралык тармакта кол коюлган экинчи келишим болду.

 

*** Вьетнам согушу учурунда Май Лаи кыргыны болду. 1968 -  жылы 16 -  мартта Америка аскерлери тарабынан жасалган кыргында 347 жаран каза болду.

 

*** 1988 -  жылы 16 -  мартта уулуу газ бомбаларын ташыган сегиз учак тарабынан Иракта Халепче кыштагы бомбаланды. Саддам Хүсейиндин буйругу менен жасалган кол салууда 5000ден ашуун киши каза болуп, 7000ден ашуун киши да жараланды.

*** Крым талаш  - тартыштуу бир референдум менен 2014 -  жылы 16 -  мартта Украинадан чыгып Орусияга караштуу болууну кабыл алды.

*** 1998 -  жылы 16 -  мартта түрк  фольклористи элдик адабият жана фольклор иликтөөчүсү Пертев Наили Боратав каза болду. Пертев Наили  Боратав 2000 жомок, 40 элдик аңгеме, балдар оюндары, ырлар, театрдан турган бай бир архив курду.



Тектеш кабарлар