Ани археологиялык аянты

Түркияда туризм-11

1161348
Ани археологиялык аянты

Ани археологиялык аянты

Түркиянын бардык аймактарында жүздөгөн жылдар бою көп сандаган цивилизациянын бешиги болгон байыркы отурукташкан борборлор бар...Булардан бирөө болсо Ани археологиялык аянты...

Чыгыш Анадолуда Карс облусунун территориясындагы Ани археологиялык аянты, байыркы доорлордон бери жашоо аянты катары тандалган аймак...Анткени отурукташуу жана коргонууга абдан ыңгайлуу географиялык абалда турат. Шаар, Орто кылымда маанилүү соода жолу болгон Жибек жолдун Кавказдан Анадолуга алгачкы кире беришинде курулган. Жайгашкан абалынан улам ал мезгилде чоң өнүгүүгө ээ болуп, аймактын саясий, маданий жана экономикалык борборуна айланган.

Алдыдагы мезгилдерде көп маданияттуу соода борборуна айланган Аниде, шаар пландоо, архитектура жана искусство өнүгүптүр. Аймакта жашаган зердүшт, христиан жана мусулман коомчулуктар шаардын маданиятын түрлөнткөнү сыяктуу архитектуралык ыкмасына да таасир тийгизген. Ичкаледе 4-кылымда башталган отурукташуу, жабык шаар моделдеринен ачык асман астындагы шаар моделдерине өтүүнүн алгачкы үлгүсүн түзгөн.

Ани байыркы шаары, тарыхта Грузин, Армян, Византия, Селчук жана Осмон маданияттарынын кесилишкен жери болгон. Эки тараптуу маданий таасирлешүүнүн жыйынтыгы катары пайда болгон архитектуралык долбоорлоо, курулуш материалдары жана техникалары, декорациялык түзүлүштөрү болсо кийинчерээк бүтүндөй Анадолуга жана Кавказияга жайыла турган Аниге таандык архитектуралык тилдин пайда болушун камсыздаган, атайын өзүнө таандык архитектуралык эстеликтерди курган.

Соода жолдорундагы өзгөрүүнүн себебинен маанисин барган сайын жоготкон Ани, 16-кылымдын баштарында ташталган. Байыркы шаар диний жана аскердик түзүлүштөрү менен орто кылымдын шаар пландоосунун кулк-мүнөздүк өзгөчөлүгүн көз алдыга жайып турат.

Ани археологиялык аймагы 78 гектар чоңдуктагы аянтта орун алган. Аймак ошончолук бай археологиялык түзүлүшкө эгедер болгондуктан, темир жана коло дооруна таандык калдыктар да бар. 15-кылымга таандык табылгалар дагы бар... Таасирдүү тышкы көрүнүш чептери 960-жылдарда курулган. Чептин ичинде мамлекеттик имараттар, жарандык түзүлүштөр, катедрал, мечит, чиркөө сыяктуу диний борборлор, кербен сарай, мончо жана көпүрө сыяктуу бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган 21 даана катталган эстелик бар. Шаар, ушул өзгөчөлүктөрүнөн улам 2016-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Ани археологиялык аянтын көрүш үчүн Карска барсаңыз, 12-кылымда курулган Карс чебин көрбөстөн, мезгил жана аба-ырайы ылайыктуу болсо Сарыкамыш лыжа борборундагы сары карагайлуу токойдо лыжа теппестен, кышкысын тоңгон Чылдыр көлүндө ат кошулган чаналар менен кыдырбастан, жүздөгөн куш чардаган Куюжук куш бейишин кыдырбастан кайтпаңыз...

Карс; балы, быштагы, өзгөчө кашар сыры, хангел деп аталган камырдан жасалган ашы, каздын этинен жасалган тамактары менен атагы чыккан шаар...

Аймактагы маданий түзүлүштүн байлыгын көз алдыга жайган аймактык оюндарды көрүшүңүздү жана жергиликтүү акындардын ырларын угууңузду сунуштайбыз...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!

 



Тектеш кабарлар