Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1876 - жылы 10 - мартта Грамхам Белл менен орун басары Томас Ватсон биринчи телефон аркылуу сүйлөшүүнү өткөрүштү.
*** 1910 - жылы 10 - мартта Голливудда тартылган биринчи кино болгон «Эки Калифорния» көрсөтүлдү.
*** 1919 - жылы 10 - мартта Кытайда кулчулук жоюлду.
*** 1920 - жылы 10 – мартта Грециянын премьер - министри Венизелос да катышкан жыйында Стамбулдун расмий түрдө басып алынышына жана Кувайы Миллийенин жол башчылыранын камалышына чечим чыгарды.
*** 1945 - жылы 10 - мартта Токио бомбалоосу болду. АКШ Токиону Напалм бомбалары жүктөлгөн 344 даана Б - 29 учак менен бомбалады. Экинчи Дүйнөлүк согушунда АКШ 1944 - жылы 14 - ноябрдан баштап жалпы 106 жолу Токиону бомбалады. Өзгөчө 1945 - жылы 10 - марттагы абадан кол салуусу «Токио чоң кол салуусу» деп аталды. Бомбалоодо 7415 киши каза болуп жана 278 миңге жакын үй өрттөндү.
*** Башкы эпископ Макариос 9 - март күнү чек арадан чыгарылгандан кийин 1956 - жылы 10 - мартта Кипрде көтөрүлүштөр башталды.
*** 1999 – жылы 10 - мартта түрк акын жана жазуучу Салах Бирсел дүйнөдөн кайтты.