Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1876 - жылы 7 – мартта Александр Грахам Билл телефон деп атаган ачылышынын патентин алды.
*** 1917 - жылы 7 – мартта тарыхта биринчи жолу джаз пластинкасы Америкада сатыкка чыгарылды.
*** 1969 - жылы 7 - март күнү Голда Меир Израилдин алгачкы аял премьер - министри болду.
*** 1979 - жылы 7 - мартта АКШ космостук унаасы «Voyager I» юпитер менен урандын сатурн сыяктуу шакекчелерге ээ экендигин тапты. «Voyager I» юпитердин шакектүү сүрөттөрүн жерге жиберди.
*** 1979 - жылы 7 - мартта Түркия менен Советтер союзунун ортосунда нефть келишимине кол коюлду.
*** 1984 - жылы 7 - мартта болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасынын желеги Түндүк Кипр Түрк Республикасынын парламенти тарабынан бекитилди.
***1989 - жылы 7 - мартта Иран Британия менен дипломатиялык карым - катнаштарын токтоткондугун дүйнөгө жарыялады. Ирандын батыш менен карым - катнаштары 1980 - жылы башталган жана 8 жылга созулган Иран - Ирак согушунда үзүлгөн.
*** 1990 – жылы 7 - мартта болсо түрк журналист Четин Эмеч киши колдуу болду. «Хүррийет» гезитинин редактору, журналист жана жазуучу Четин Эмеч жана шоферу Али Синан Эржан жасалган кол салууда каза тапты.
*** 1999 – жылы 7 - март күнү америкалык белгилүү режиссер Стэнли Кубрик дүйнөдөн кайтты. Режиссердун негизги кинолорунун арасында «Жеңиштин жолдору», «Спартак», «Лолита», «Бир космос жолчулугу», «Наадандык», «Көздөрү толугу менен жабык» аттуу кинолору бар.