Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1912 - жылы 5 - мартта Италия армиясы аба толтурулган шарларын аскердик максатта колдонгон биринчи армия болду. Италияндар бул аба транспортторун түрк коргоонуу линияларын изилдөө үчүн жиберген.
*** 1920 - жылы 5 - мартта Түркия Жашылай жамааты курулду.
*** 1933 - жылы 5 - мартта Германияда болгон жалпы шайлоодо Улуттук социалист немис жумушчу партиясы 43, 9 пайыздык добуш алып бийликке келди.
*** 1933 - жылы 5 - мартта «Чоң депрессия» эң оор болгон жыл... АКШнын президенти Франклин Рузвельт бардык банктарды жапты жана финансылык иштерди токтотту.
*** 1946 - жылы 5 - мартта Экинчи Дүйнөлүк согушунда ортого чыккан жана Советтер союзу менен Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн символу болгон "Темир перде" түшүнүгү; биринчи жолу Британиянын премьер - министри Уинстон Черчилль сөзүндө колдонулду.
*** 1929 - жылдан 1953 - жылга чейин Советтер союзунун лидери болгон, Советтер союзунун Коммунисттик партиясынын биринчи секретары Жосеф Сталин 5 - март күнү дүйнөдөн кайтты.