Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон негизги окуялар.

1156431
Тарыхта бүгүн

 

*** 1193 -  жылы 4 -  мартта Еййуби мамлекетинин куруучусу крестүүлөр кол салууларына каршы турган Селахаддин Еййуби каза болду.

***1774 -  жылы 4 -  март. Орион Небуласы биринчи жолу Германияда туулган англис космонавт, телескопту чыгарган жана композитор Уильяма Гершель тарабынан байкалды.

*** 1877 – жылы 4 -  мартта Петр Ильич Чайковскийдин чыгармасы «Ак куу көлү» балети биринчи жолу көрсөтүлдү. Москвадагы Орус королдук театрынын азыркы аты менен Большой балетинин 1875 -  жылы берген заказы менен обон чыгарылган чыгармасы биринчи жолу 1877 -  жылы Москвада таанытылды. Биринчи жолу сахнага чыгышында ийгиликтүү болбогон чыгарма репертуардан чыккан эмес жана композитор ийгиликсиздигинде өзүнүн музыкасын жооптуу деп 12 жыл башка балеттерге музыка жазган эмес.

*** 1882 -  жылы 4 -  мартта Британияда биринчи электрдүү трамвай тейлөөгө кирди.

*** 1924 -  жылы 4 -  мартта тарыхка «Акыркы осмондук халифасы» деп өткөн халифа Абдүлмежит Ефенди жана Осмон династиясынын  мүчөлөрү өлкө тышына чыгарылды.

*** 1924 -  жылы 4 -  мартта Happy Birthday to You аттуу ыр Клейтон Ф. Самми тарабынан жарыяланды. «Happy Birthday to You"  көпчүлүк учурда туулган күндөрдү белгилөө максатында ырдалган ыр. Англис тилинде жазылган белгилүү ырдын сөздөрү эң аз 18 тилге которулду.

*** 1981 -  жылы 4 -  мартта Түркиянын Париж эмгек аташеси Решат Моралы армян террордук уюм АСАЛАнын террористтеринин кол салуусунда каза болду. Окуяда оор жараланган дин кызматкери Тежелли Ары да бир күндөн кийин каза болду.

*** 1992 -  жылы 4 -  мартта Испанияда инквизиция  кысымынан качып Осмон императорлугуна баш калкалаган еврейлер Түркияга келишинин  500 – жылын белгилешти.

*** 1997 -  жылы 4 -  мартта АКШнын президенти Билл Клинтон кишини клондоо изилдөөлөрүнө тыюу салды.

*** 2012  - жылы 4 -  мартта Владимир Путин өткөрүлгөн шайлоодо Орусияда добуштардын 59, 3 пайызын алып экинчи жолу президент болуп шайланды.



Тектеш кабарлар