Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1154068
Тарыхта бүгүн

 

*** 1922 -  жылы 28 -  февралда Египет Бириккен Королдуктан көз карандысыздыгын жарыялады.

1500 – жылдары Осомон мамлекетинин бийлигине киргенден кийин 400 жылга жакын түрк башкаруусунда болгон Египет 1882 -  жылы Осмон мамлекетинен чыгып англис башкаруусуна кирди. 40 жыл англистер тарабынан башкарылган Египет Королдугунда 1922 -  жылы 28 -  февраль күнү көз карандысыздыгы жарыяланса да көп нерсе өзгөргөн жок. Көз карандысыздыгы жарыялангандан кийинки 30 жылда да англистер таасирдүү түрдө өлкөнү башкарып турду. Англис бийлиги 1952 -  жылы гана бир соккунун натыйжасында Египет Королдугунун кулашынан кийин акырына чыкты. Египетте королдук кулагандан бир жылдан кийин республика жарыяланды.

*** 1940 -  жылы 28 -  февралда биринчи жолу бир баскетбол беттеши АКШда телекөрсөтүүдөн түз эфирде жарыяланды. Фордхам менен Питтсбург  университеттеринин командаларынын Мэдисон Сквер Гарденде өткөргөн баскетбол беттеши телекөрсөтүүдө жарыяланган биринчи баскетбол беттеши болду.

*** 1945 -  жылы 28 -  февралда Түркия БУУнун декларациясына кол койду. Түркиянын ишенимдүү адамы Орхан Эрол тарабынан Америкада кол коюлган декларациядан 8 айдан кийин БУУму расмий түрдө курулду. Түркия ошол эле учурда БУУнун куруучу мүчөлөрүнүн бирөөсү болду. БУУнун пикири катары Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин согуштун жеңүүчү өлкөлөрү тарабынан өлкөлөр арасындагы келишпестикти жоюп алдыда болушу мүмкүн болгон жана өз коопсуздуктарын коркута турган бир согуштун алдын тосуу максатында ортого салынган.

*** 2015 -  жылы 28 -  февралда Нобель адабият сыйлыгына ылайык көрүлгөн биринчи түрк жазуучусу Яшар Кемал дүйнөдөн кайтты. Башталгыч мектепти баштай электе эле ыр  менен баштап, роман, аңгеме жана сценарийлерди жазган Яшар Кемал  түрк адабиятынын эң негизги чеберлеринин бири деп айтыла алат.

Яшар Кемалдын чыгармалары бир топ тилге которулуп бүткүл дүйнөдө жарыяланды жана чыгармаларынан кинолор тартылды.

Түркиядан алган сыйлыктары менен бирге Эл аралык Cino del Duca сыйлыгы Légion d'Honneur медалы, Premi Internacional Catalunya, Немис китепчилер биримдиги, Франкфурт китеп жрманкесинин тынчтык сыйлыгы сыяктуу жыйырмадан ашуун эл аралык сыйлык алды.



Тектеш кабарлар