Селимие мечити

Түркияда туризм-9

1151956
Селимие мечити

Селимие мечити

Түркиядагы маанилүү тарыхый мечиттерден бири болгон Селимие мечити, усталыктын эң жогорку чегинде жаралган чыгарма...

Осмон-түрк архитектура тарыхында болгону сыяктуу, дүйнөлүк архитектуралык тарыхынын да башкы түзүлүштөрүнүн арасында көрсөтүлүүдө.

Селимие мечити, Стамбулдун каратылышынан мурда Осмон империясынын борбор шаары болгон Эдирнеде 16-кылымда салынган. Дүйнө жүзүндө жашап өткөн эң ийгиликтүү жана эң жаратман архитектордон бири Мимар Синандын чыгармасы болуп саналат...

Султан 2-Селим тарабынан салдырылган Селимийе мечити жана комплекси, техникалык кооздугу, чоңдугу жана эстетикалык баалуулуктары менен бир гана ал убактын эмес андан кийинки кылымдардын дагы эң кереметтүү эстеликтеринен бир катары кабыл алынган.

Көркөмдүү көрүнүшү менен келгендерди өзүнө суктандырган Селимие мечитинин курулушу 1568-жылы башталып 1575-жылы бүткөрүлгөн. Курулушта 15 миң киши иштеген. Абдан алыстан көрүнүп турган көркөмдүгү суктандырып турса дагы, чыныгы суктануу мечиттин ичине киргенде сезилет.

Селимие мечитинде купол, Мимар Синандын кесибинде жетишкен туу чокуну символдоп турат. Ушундай кеңири куполу болгону менен куполдорду көтөрүп туруучу тирөөчтөрдүн ички аянтты бөлбөшү үчүн аянттын ортолорунда тирөөч колдонулган эмес. 6 миң киши оңой батып ибадат кыла алган жана ар бири үч кабаттан турган мунаралары болсо өз түрүнүн ичинде дүйнөдөгү эң кооздорунун арасында орун алган. Таң калтыра турган архитектуралык ийгилик менен мунаралардын ичине бири-бири менен кесилишпеген үч башка тепкич жайгаштырылган.

Дүйнөлүк архитектура тарыхында укмуш эстеликтерди калтырган Мимар Синан бул мечитти «Усталык чыгармам» деп мүнөздөгөн. Ички архитектурасында колдонулган, өз убагынын эң жакшы үлгүлөрү болгон таш, мармар, жыгач, седеп жана өзгөчө фарфор мотивдери менен купол жана каптал кемерлериндеги калем жазуулары, аянты, китепканасы, билим берүүчү бөлүмдөрү менен искусство түрүнүн туу чокусун символдоп турат.

Архитектура искусствосунун эң көркөмдүү үлгүлөрүнөн бири жана адамдын жаратман генийлигинин башкы чыгармасы катары кабыл алынган Селимийе мечити жана комплекси 2011-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине алынды.

Бул кереметтүү мечитти көрүш үчүн Эдирнеге барып калсаңыз жана саякатыңыз июль айында болсо 600 жылдан бери уланып келе жаткан Кыркпынар майлуу күрөштөрүн көрө аласыз.

Шаардагы цыгандар өткөргөн Какава шаң-шапаттарына катыша алуу үчүн болсо май айын тандашыңыз керек.

Эдирнедеги Саламаттык сактоо, Түрк-Ислам чыгармалары жана Балкан согуштары музейин кыдырбай койбоңуз. Атактуу жигер таваны (боор куурдак) жебестен, бадам эзмесинен ооз тийбестен кетпеңиз. Кетээрде мис самыны жана ак сырынан сала кетишиңизди сунуштайбыз...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар