Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы

Түркиянын жардам мекемелери-6

1142921
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы
YTB2.jpg

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы

 

Урматтуу окурмандар дүйнө жүзүндөгү бир топ өлкө жана аймактарда ар түрдүү социо-маданий долбоорлорду ишке ашырган «Юнус Эмре» институту, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB), Кызылай жана Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) сыяктуу  мекемелерибизди тааныткан «Түркиянын жардам мекемелери» аттуу программабыздын мындан мурдагы бөлүмдөрүндө  ТИКАнын тарых-таржымалы тууралуу айрым маалыматтарды берип, бул мекеменин иш-аракеттеринен кыскача сөз кылганбыз. Бул аптадан тарта көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан маанилүү долбоорлорду ишке ашырган, башка бир жардам мекемебиз болгон Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгына токтолобуз.

2010-жылы 6-апрель күнү түзүлгөн Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) чет өлкөдөгү Түркия жарандары, тууган коомчулуктар менен Түркияда билим алган эл аралык стипендия менен окуган студенттерге карай иштерди координациялоо, бул тармакта берилген тейлөөлөрдү жана жасалган иш-аракеттерди өнүктүрүү милдетин аркалайт.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) кылган эмгектери менен керек болсо чет өлкөдө жашаган атуулдарыбыз, керек болсо тууган коомчулуктар менен карым-катнаштарды күчтөндүрүүдө, экономикалык, социалдык жана маданий жактан дагы жакын карым-катнаштарды курууда. Түркиядан стипендия алган студенттер болсо; дүйнөнүн төрт тарабындагы ыктыярдуу элчилерибиз болуп чыгууда.



Тектеш кабарлар