Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1141572
Тарыхта бүгүн

*** 1904 -  жылы 8 -  февралда япондордун Кытайдын Порт Артур портуна күтүлбөгөн кыймыл менен Орусиянын деңиз флотун кыйратып жана өтүшүнө тоскоол болушу менен 2 жылга созула турган Орусия  - Япония согушу башталды.

*** 1921 – жылы 8- февралда Түркия Улуттук Парламенти Антеп шаарына Боштондук согушунда француз бөлүктөрү менен каармандарча согушуусунан улам «Гази» деген наам берген мыйзамды кабыл алды. Шаардын аты «Газиантеп» болду.

*** 1922 – жылы 8 -  февраль...

АКШнын президенти Уоррен Г. Хардинг биринчи радиону Ак үйдө  таанытты.

*** 1935 -  жылы 8 -  февралда депутаттарды шайлоодо түрк аялы биринчи жолу шайлоо жана шайлануу укугун колдонду. Парламентке 18 аял депутат кирди.

*** 1951 -  жылы 8 -  февралда болсо Ататүрктүн бакма кызы жана Түркиянын алгачкы аял аскердик учкучу Сабиха Гөкчен учкуч катары Корея согушуна катышуу үчүн кайрылды. Сабиха Гөкчендин бул демилгеси батыш басма сөзүндө кенен түрдө орун алды. Бирок Гөкченин бул каалоосу Америка армиясында аял учкуч болбогондуктан ишке ашпады. Сабиха Гөкчен Түркия жана дүйнөдө биринчи аскердик учкуч эле.

*** 1963 -  жылы 8 – февралда Иракта Абдусселам Арифтин жол башчылыгындагы «Баасчы» офицерлер башкарууну колго алды, премьер  - министр Касым өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар