Тарыхта бүгүн

бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1130178
Тарыхта бүгүн

                   

*** 1556 -  жылы 23 -  январь. Тарыхта эң көп киши каза болгон жер титирөө Кытайдын Шаанхи аймагында болду. 830.000 киши каза болду.

*** 1849 -  жылы 23 -  январда Элизабет Блэквелл АКШда медицина боюнча дипломун алып, дүйнөдө медицина боюнча диплом алган биринчи аял болду.

*** 1896 -  жылы 23 -  январда физик Вильгельм Конрад Рентген өз аты берилген аппаратты тапты. 1912 -  жылга чейин физикалык маалыматы  толугу менен билдирилбесе да бул ачылуу физика жана медицинада абдан чоң кубаныч жаратты. Бир топ илимпоз бул ачылууну заманбап  физиканын башталышы катары көрдү.

*** 1973 -  жылы 23 -  январда Вьетнамда ок атышпоо жарыяланды. 1955 -  жылы башталып 1973 -  жылы акырына чыккан Түндүк Вьетнам, Түштүк Вьетнам жана АКШнын ортосунда болгон Вьетнам согушу 20-  кылымдын экинчи жарымынын эң чоң жана кандуу аскердик кагылышууларынын бирөөсү катары кабыл алынууда.

*** 1922 -  жылы 23 -  январда Стамбулда эки көчөгө Пийер Лоти жана Клодфарер деген ат берилди. Француз жазуучу Пийер Лоти Стамбулда Ейүп районунда жашады. Стамбулга суктанган Пийер Лоти өзү тууралуу түрк досу деп айткан. Француз жазуучу Клод Фаррер түрк досу болуу менен таанылып жана Боштондук согушундагы жазуулары менен улуттук күрөштү колдогон.



Тектеш кабарлар