Күн тартибине сереп салуу  - 36

Түркия менен Орусия арасында жаңы мезгил

1045485
Күн тартибине сереп салуу  - 36

 Түркия жана Орусиянын ортосунда 2015 – жылы болгон учак кризисинен кийин эки тараптуу карым  - катнаштар кайрадан оңолду. Кайрадан оңолгон карым  - катнаштар ылдам түрдө өнүгүү менен саясий, дипломатиялык, аскердик жана экономикалык тармактарда маанилүү бир өнүгүүнү көрсөттү.

Түркия жана Орусия карым  - катнаштарынын ылдам өнүгүшүндө эки өлкө лидерлеринин ортосундагы карым  - катнаш, орток кызыкчылыкка индекстелген кызматташтыктар жана Американын акыркы мезгилдеги мамилесинен улам тынчсыздануу маанилүү фактылардан болду. Эки өлкөнүн ортосунда бир топ тармакта кызматташтык өнүксө да бир топ тармакта пикир айырмачылыктар улантылууда.  

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу пикири.

Орусиянын президенти Путиндин Түркия жана Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштардын барган сайын өнүгүп бара жаткандыгын белгилеп : «Түркия менен карым  - катнаштарыбыз тереңдеп жана жаңы мазмундар менен байып жатат»,- деп айтышы негизинен Түркия жана Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштардын өнүгүшүн жыйынтыктап жатат. Эки өлкөнүн ортосунда өзгөчө энергетика жана экономикалык тармактардагы карым  - катнаштардын өнүгүшү чоң өлчөмдө мааниге ээ болууда. Орусиянын мурунку финансы министри Зардонов : «Түркия менен маанилүү экономикалык байланыштарыбыз бар. Түркия Орусиянын эң чоң 10 соода өнөктөшүнүн арасында»,- деген сөздөрү ушул негизде маанилүү. Акыйкаттан да Орусия федералдык бажы кызматынын маалыматына караганда бул жылдын биринчи алты айында Түркия 37 пайызга өсүп, 13, 3 миллиард долларга жогорулаган соода көлөмү менен Орусиянын эң чоң төртүнчү соода өнөктөшү болду. Ошол эле учурда орус туристтердин Түркияга келиши, эки тараптуу карым  - катнаштар жактан чоң мааниге ээ. Акыйкаттан да Орусиядан келген турист санынын дайыма өсүшүнүн да кубантуучу экендигин айткан Чавушоглу бул жылы 6 миллион орус туристтин  Түркияда тосуп алуудан кубанарын белгилеген. Энергетика тармагында эки өлкө бирдикте жүргүзгөн Аккуюу атомдук станциясы жана Түрк Агымы сыяктуу маанилүү долбоорлор бар. Акуюу атомдук станциясы Түркиянын энергетика муктаждыгынын 10 пайызын камсыздайт жана өскөн Түркия экономикасынын энергетика муктаждыгын ишеним астына алынышы жактан стратегиялык мааниге ээ. Ошондой эле Түрк Агым долбоору да Түркиянын маанилүү бир энергетика муктаждыгынын камсыз кылынышы жана ишеним астына алынышына мүмкүнчүлүк түзүүдө. Түрк Агымы долбоорунун экинчи баскычта Балкан өлкөлөрүнө карай кетиши пландалууда. Ушундайча Түркиянын энергетика өтүү багыты болуу жолундагы стратегиялык пландоосу үчүн маанилүү бир кадам ташталган болот.

Энергетика жана экономикалык кызматташтык менен бирге Орусия жана Түркиянын ортосундагы аскердик кызматташтык да артууда. Өзгөчө Түркиянын Орусиядан С  - 400 абадан коргонуу системаларын сатып алып жатат жана 2019 -  жылы толугу менен өткөрүп алышы эки тараптуу карым  - катнаштарды тереңдетүүдө. Ушул боюнча орус мамлекеттик коргонуу өнөр жай фирмасы Ростехтин Эл аралык кызматташтык жана аймактык саясаттар директору Виктор Кладов : «С  - 400 келишиминин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аскердик  - техникалык кызматташтыкты күчтөндүрүү жана өнүктүрүү үчүн маанилүү бир кадам экендигин так түрдө айта аламын. Ар башка жаңы өнөр жайларда да кызматташтыгыбызды өнүктүрүүбүздүн алдында бир тоскоолдук көрбөймүн».- деген.

Орусия менен Түркиянын ортосунда өнүккөн карым  - катнаштардан эң көп АКШ тынчсызданууда. С  - 400 абадан коргонуу системаларынын алынышынан улам америкалык жетекчилер түрк жетекчилерди Түркия да долбоорго өнөктөш болгон Ф  - 35 чабуул коючу учактардын Түркия тарабынан алынышын токтотуу менен коркутууда.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Түркия үчүн С  - 400дөрдүн тандоо жолу эмес, мажбурдуулук экендигин билдириши абдан маанилүү.

НАТО өлкөлөрү Түркияга абадан коргонуу системаларын Түркиянын талабына карабастан сатууну четке кагууда. Ошондой эле Түркия жана АКШнын ортосунда ФЕТӨ, ПКК/ЙПГ жана Брунсон кризистеринин болушу, эки НАТО союздашынын ортосундагы карым  - катнашты начарлатты. АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркияга каршы санкция салуу чечимин чыгарышы карым  - катнаштарга тескери таасир берди. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Москвада «Орусия жана Түркиянын ортосундагы карым  - катнаш кээ бирлерин кызгандырууну улантууда»,- деп айтышын ушуга байланыштыруу керек.

Бирок Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштар оң багытта бара жатса да эки өлкөнүн ортосунда маанилүү пикир айырмачылыктар да улантылууда. Өзгөчө Сирия маселесинде Түркия менен Орусия Астана процессинде бирдикте кыймыл кылса да негизги кыймыл катары бири бирине тескери. Орусиянын Идлибге карата режимдин кол салуусуна уруксат бериши жана колдошу менен Түркия олуттуу бир качкын кризисн жашайт жана эки тараптуу карым  - катнаштар бузулат.  Ушуга окшош эле  Түркия Орусиянын Крымды аннекция кылышы жана Крым түрктөрүнө каршы жүргүзгөн саясаттарга каршы чыгууда. Айрыкча Түркия менен Украинанын ортосунда коргонуу өнөр жайы сыяктуу бир топ тармакта кызматташтык өнүгүүдө. Түркия Украина маселесинде Орусиянын саясаттарын колдобойт. Акыркы болуп Түркия менен Орусиянын ортосундагы карым  - катнаштар канчалык өнүксө да Түркия бир НАТО өлкөсү.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу пикири.



Тектеш кабарлар