Күн тартибине сереп салуу  - 18

Сирияда глобалдык күч күрөшү.

964579
Күн тартибине сереп салуу  - 18

Сириядагы аймактык жана глобалдык күч күрөшү Сириядагы жарандык согуштун алдына өттү. Асад режиминин 2011 -  жылдагы коомдук талаптарды четке кагып, өлкөнү демократиялаштыруунун ордуна согушка жетелеши, Сирия аянтын бир топ аймактык жана глобалдык актер үчүн күч күрөшү аянтына айландырууга себеп болду. Согуш аянтына айланган Сирия бир тараптан ички маселелердин кагылышуусун жана террор маселесин жашап, бир тараптан аймакта өлкөлөр ортосунда өкүлдүк согуш улантылууда. Орусия, АКШ, Британия жана Франция сыяктуу глобалдык актерлор менен бирге Түркия, Иран, Сауд Аравия, Катар, Израиль сыяктуу аймактык актерлор да Сирияда таасирдүү болууда.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү -  жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу пикирин сунуш кылабыз.

Глобалдык жана аймактык актерлор Сириядагы амалдарына жетүү үчүн бир топ өкүлдү колдонууда. Орусия Асад режимине Иран менен бирдикте аба, кургактык, дипломатиялык жана материалдык жардам берүүдө. Орус аба күчтөрү жана кургактык күчтөрүнө кошумча катары бир топ орус жалданма аскерлери да Сирияда кызмат кылууда. Иран болсо материалдык жана аскердик жардам берүү менен бирге Асад режимине адамзаттык булакты да түзүүдө. Иран Орусиянын тескерисине Сирия аянтында сириялык жана чет элдик бир топ өкүл куралдуу күчтөр бар. Өзгөчө ливандык Хизбуллах, афган Фатимиййум полку, ирактык Нужеба кыймылы жана пакистандык Зейнебиййум полку  сыяктуу бир топ чет элдик  өкүлдөргө кошумча Элдик Коргоо Күчтөрү деген аттын астында бир топ сириялык өкүл да бар. Бирок Ирандын Сирияда бир гана өкүл элементтери эле эмес, ошол эле учурда өз Төңөкрүш гвардиясынын бөлүктөрү да маанилүү милдеттерди аткарууда. Орусия менен Ирандын Сириянын бир топ жеринде аскердик базалар менен колдонгон аэропорттору бар.

Башка бир фронт АКШ, Франция жана Британиядан турат. Батыш блогу түзгөн фронт ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын астында ЙПГ террордук уюмуна инвестиция салган. ЙПГнин жол башчылыгында курулган Сирия Демократиялык Күчтөр менен түндүк батыштагы Эбу Кемалга чейин созулган бир жолду текшерүүгө алууда.  АКШ жана Франциянын бул аянтта 25ке жакын аскердик база бар. Бул базалардын ортосунда 2 аба аянты да Батыш блогу тарабынан колдонулууда. Өзгөчө Британия жана АКШнын Сириянын түштүгүндөгү Тенеф аймагында 2 база бар. Бул аймакта болсо Магавир ел Савар аттуу бир уюм менен кыймыл кылууда. Сауд Аравия  Сирияда Сирия оппозициясын колдогон болсо да акыркы мезгилде ЙПГнин жол башчылыгындагы Сирия демократиялык күчтөрүн колдой баштады. Айрыкча Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы араб өлкөлөрүн Сирия демократиялык күчтөрү тарабынан текшерүүгө алынган аймактарга аскер жиберүүсү сөз болууда.

Башка бир фронтту болсо Түркия түзүүдө. Түркия Идлиб аймагындагы коопсуз аянтын текшерүү максатындагы 9 байкоочу жер курган. Жалпы 12 байкоо жеринин курулушу күтүлүүдө. Айрыкча «Евфрат калканы» кыймылы жана «Зайтун бутагы» операциясы менен ДЕАШ жана ЙПГ террордук уюмдарынан тазаланган аймактарда аскерлердин жайгаштырылышы улантылууда. Сирия калкы үчүн ишенимдүү аймак болгон Африн, Азез, Ел – Баб жана Жараблус аймактарында ошол эле учурда түрк атайын күчтөрү тарабынан машыктырылган Сириянын полиция уюму тартипти түзүүдө. Сириянын полиция уюму Сирия оппозициясын курган жана эл аралык кабыл алынган Сирия убактылуу өкмөтүнө караштуу. Аскердик мааниде курулган Улуттук армия да Сирия убактылуу өкмөтүнө караштуу. Катар болсо «Катар  - кризисинен» мурда Сирия оппозициясын жакындан колдоп жаткан бирок блокададан кийин Катардын Сириядагы аянты азайды.

Башка бир актер болсо Израиль. Израиль 67 согуштарында эл аралык мыйзамга тескери кыймыл менен аннекция кылган Голан дөңсөөлөрү менен Сириянын жерин басып алган. 2011 -  жылы башталган согуштан кийин Израиль Голан дөңсөөлөрүндөгү бийлигин дагы да күчтөндүрдү. Ирандын өкүлдөрүнүн Сирияда артышы жана Хизбуллахтын Сирия аянтында күчтөнүшүнөн тынчсыздангандыгын айткан Израиль кээ кээде Сирия ичиндеги Иран жана Хизбуллах буталарына карата абадан кол салуулар болууда.

Асад режими 2011 -  жылы элдин талаптарын кабыл албай, өлкөнү согушка жетелешинен кийин Сирия глобалдык жана аймактык күч күрөшү аянтына айланды. Улуттук эгемендигин жоготкон Сириянын ар башка чөйрөгө бөлүнгөндүгүн айтууга болот. Бирок Сирия аянтында болуп жаткан согушту глобалдык жана аймактык бир күч күрөшүнө айландыруу да туура эмес. Сирия аянтында азыр да улантылып жаткан бир согуштун болгондугун белгилөө керек.



Тектеш кабарлар