Күн тартибине сереп салуу -5

«Зайтун бутагы» операциясы экинчи жумасында

902833
Күн тартибине сереп салуу  -5

Сирияда бир топ маанилүү абалдар болуп жатат. Түркиянын Африндеги террор уяларын жок кылууга карата баштаган операциясы экинчи жумасын аяктап жатат. Ийгиликтүү түрдө улантылып жаткан операцияга кошумча катары түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлибдеги  келишпестиктерди азайтуу аймагын текшерүү үчүн жаңы байкоо жерлерин курууда. Аянттагы абалдар АКШнын Сириядагы ролуна да таасирин тийгизүүдө. «Зайтун бутагы» операциясы башка бир таасир жаратуу менен ПКК/ЙПДни  башка аймактарда да олуттуу түрдө күчсүздөнтөт. Мүнбич, Хасеке, Ракка жана Дейруз Зордо террордук уюм тарабынан кысымга алынган эл каршылык көрсөтө баштады. Акыйкаттан  да Мүнбичтеги эл ЙПГге каршы чыга баштаган. Түркиянын Астана процессинин негизинде Орусия  жана Иран менен Сириядагы абалдарды чечүүнүн жолдорун издөө, ошол эле учурда аймакта АКШны, АКШнын жаңылыш кадам ташташы менен барган сайын жалгыздаштырып жатат. Өзгөчө түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлиб операциясынын негизинде стратегиялык мааниге ээ Ел – Ейс дөңсөөсүнө жайгашуусу, Түркиянын сириядагы күчтүү позициясын расмийлештирди. «Зайтун бутагы» операциясы түрк куралдуу күчтөрү жана сириялык оппозициячылдардын алдыга жылышы менен улантылууда. Африн аймагындагы географиялык кыйынчылыктарга карабастан түрк куралдуу күчтөрү менен сириялык оппозициячылдар ылдам алдыга жылып баратат. Дөңсөөлөр алынган операция негизинен башталышында эле таасирин көрсөттү. ЙПГнин аймакта  жеңилгис экендиги жана абсолюттук саясий коргоого ээ деген түшүнүк жок болду. ЙПГ тууралуу Сириядагы түшүнүктүн булагы АКШнын террордук уюмга берген жардамы. Билингендей Сирияда ЙПГ көзөмөлүнө алган аймактарда жашагандар эң көп араптар менен түркмөндөрдөн турат. Өзгөчө ДЕАШтын аймакта көптөгөн жерди ээлеп алышынан кийин ЙПГнин мыйзамдуулугу жергиликтүү калк тарабынан териштириле баштаган. Түркиянын арап, түркмөн жана күрттөрдөн турган сириялык оппозициячылдар менен бирге кыймыл кылышы аймак үчүн альтернатив жаратты. Өзгөчө Мүнбич сыяктуу жергиликтүү калк ЙПГнин зулумчулугунан тажап ЙПГге каршы  чыгуу топторун куруп иш алып бара баштаган. «Зайтун бутагы» операциясы жетишкен ар бир аскердик ийгилик ошол эле учурда ЙПГнин зулумчулугуна каршы болгон арап, түркмөн жана күрттөргө күч берди. Акыйкаттан да «Зайтун бутагы» операциясы  бир гана ЙПГни эле эмес, ошол эле учурда Сириядагы бардык инвестицияларын ЙПГ аркылуу салган АКШны да жалгыз калтырууда. АКШнын Түркияга жана Африн операциясына карата ар башка маалыматтарды бериши АКШнын өз ичиндеги карама  - каршылыкты көрсөтүүдө. Америка мекемелеринин бири биринен айырмаланган саясаттарды жүргүзүшү акыркы болуп ЦРУнун ЙПГни террордук уюм катары тизмеге алышында көрүндү.

Орусия, Иран жана Түркиянын кепилдигинде жүргүзүлүп жаткан Астана процессинин тышында калган АКШ аймакта жалгыздыкка карай жетеленүүдө. Террордук уюм менен башка бир террордук уюмду жок кылууга аракет кылган АКШнын саясаттары аймакта тынчсызданууларга себеп болууда. ЙПГнин Сириянын жеринин бүтүндүгүн коркунучка салган мамилеси жана АКШнын аймакта чек араны коргоо армиясын куруу пландарына Орусия, Иран жана Түркия каршы чыкты. АКШ ЙПГ менен карым – катнашынын ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде чектүү экендигин айтып келди. Ошентсе да азыр Сирияда бир топ аскердик база куруу менен калууну пландап жатат.

Сирияда башка бир маанилүү абал түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлибдеги процесстин негизинде жаңы курган байкоочу жер. Түштүк Халеп аймагында стратегиялык Ел  - Ейс аймагында курулган жаңы көзөмөлдөөчү жер келишпестиктерди азайтуу аймагын текшерүү үчүн маанилүү бир кадам. Түркиянын акыркы мезгилдерде өзгөчө Астана процессинин негизинде Сирия аянтынын ичинде жана эл аралык коомдук пикирде стратегиялык жана чечим чыгаруучу бир актер болду. Түркия күчтүү абалын бир тараптан Сириядагы адамзаттык трагедияны акырына чыгаруу үчүн колдонсо, бир тараптан Сириянын дагы жакшы бир келечеги болушу үчүн кадамдарды таштоодо. Түркиянын Сирияда чечим чыгаруучу актер болушу, өзгөчө Түркиянын Сирия калкына болгон колдоосунан улам келип чыгууда. Бир тараптан өз чектери ичинде 3 миллион сириялыкты конок кылып, бир тараптан да Сирия чек араларынын ичинде 4 миллион сириялыктын турмушун улантуусу үчүн  жардам берди.



Тектеш кабарлар