Кутубузга кат келди-17

"Кутубузга кат келди" аттуу программабыздын кезектеги чыгарылышы.

860457
Кутубузга кат келди-17

Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак, Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга  КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордун арасынан Рита Тилемишованын эскерме каты келген эле. Бүгүн ушул эскермеге орун беребиз.

"2013 - жылы Коомдук теле радио менен ТРТнын макулдашуулары менен кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн Туркия Үнү радиосунун кыргызча бөлүмүнө кесиптешим Жылдыз экөөбүз бардык. Экөөбүздүн тең чет жерге биринчи ирээт чыгышыбыз. Колубузга чоң чемоданды калдыратып суйрөп түн жарымында «Манас» аэропортуна келдик. Кудуңдап сүйүнүп алганбыз. Узатып келген жолдошторубуз бир азга тымпыйып турушту. Ага болобузбу. Иши кылып Түркияга жетип, көксөгөн ТРТны көрүү эле. Ошентип учуу саатыбыз келип, кинодон көргөндөй текшерүүдөн өтүп учакка олтуруп, аба мейкиндигине көтөрүлдүк.

_ Рита жаман болуп баштадым деди бир убакта Жылдыз.

- Күйөөңө эркелегенсибей жөн олтур. Мен эркелеткенди билбейм, дедим. Унчукпай калды. Ошентип жүрөгүбүз дүкүлдөп олтуруп 5 саат дегенде Стамбулга келип кондук. Биз менен бирге Кыргызстандан иш спар менен келе жаткан балдар да бар эле. Жылдыз аларды мурунтан тааныгандыктан, алардын артынан билмексен болуп , көз кырын салып эки жакты абай салып аэропорттун күтүү залына чыктык.Анткени кайрадан Анкарага учушубуз керек эле. Эми 4 саат күтүү керек. Ичимден мурун кийин келип жүргөнүбүздө Стамбулга чыгып эки жакты карап келет элек деп коем. Оюмду окугансып, Жылдыз - Туй ата эч нерсе билбейбиз да болбосо шаарга чыгып келет элек ээ,- деп коет. Иии десең, шаарга чыкмак тургай аэропорттон сыртка кайсыл эшик менен чыгып кайсыл эшик менен кирээрибизди да билбейбиз. Ушуга да шүгүр дейли дедим. Анан күтүү залда олтурдук , телмирип чооң-чооң айнек терезелерди карайбыз. Самолеттун түрү.. Аларды кинолордо гана көрчүмүн. Анан жөн турбай сүрөткө түшө баштадык. Ары басып бери басып атып ордубуздан жылып экинчи кабатка көтөрүлүп кайра түшүп кичине үйрөнүп алдык. Чакан чакан магазиндерди кыдырдык. Баасын карасак эле ТЛ деп жазылып турат. Аны деле түшүнбөдүк. Иши кылып цифраларды эле карап коебуз.Энесин жоготкон козулардай болуп эле элеңдейбиз...Сыр билгизбей карап жүрө бердик. Эки жакка чыкканда ким кандай окуяларды башынан өткөрүп келет ким билсин, мурунураак келип кеткен биздин кесиптештердин боорду эзген жоруктарын угуп биз да күлүп атчубуз. Кудайга шүгүр жакшы эле келе жатабыз күлкү болбой деп коем Жылдызга. Ал да иии деп коет. Бир убакта дааратканга баралы дедим. Макул деп артыман ээрчип алды. Сурөтүнөн боолгоп таап, кирдик. Бур деп эле атыр мурунга урунду. Чоң-чоң болгон раковиналар, аппак болуп көздү уялтат. Сыдырып акырын карап койдум. Анан кол жууйлу деп бир саамга тушунбой туруп калдым. Чормойуп эле чорго турат. Кармалап көрөйүн дейм, нары жакта турган түрк аялынан уялдым. Билмексен болуп маңдайымдагы күзгүгө каранып чачымды жасалгаламыш болдум. Көзүм болсо чорголордо. Ие кокуй суу кай жагынан агат деп ичимен сүйлөнүп алдым. Не турасың эсиң ооп деп шакылыктады Жылдыз. Эй мунун суусу кай жагынан агат болду экен деп эсим ооп атат дедим. Ал да карап алып, апей мунун кранниктери кайда сууну кайдан агызат астындабы артындабы деп эле эңкейип эле эки жагын карай берди.Баягы турган түрк аялы дагы эле ошол турган ордунда дале турат. Акырын ал бизди биз аны карап коебуз. Бир убакта дааратканга кирбей эле коелу да чыгалы бул жерден дедим. Мейли деди Жылдыз. Карманаак жаным болбой эле баягы чоргонун оозунан чыгып бара жатып бир сыдырып өттүм. Жылжып суу агып кайра токтоп калды. Дагы таң калдым. Кайра колумду чоргонун оозуна алып бардым. Суу чыкты. Колумду алдым суу токтоду. Сүйүндүм. Эшикке чыга калып Жылдызга сүйнчүлөдүм. Экөөбүз кайра кирип кенен кесир жуундук.

Аа жетишкендикти көрүп ал деп Жылдыз экөөбүз, чормойгон чорго эмес, атыр жыттар жөнүндө айтып, сервировканын мыктылыгын карасаң деп түрк туугандарды мактап коюп олтурдук. Анкарга уча турган мезгилге жетип, кайрадан учакка олтуруп Анкарга келип кондук. Ох деп эле эшикке чыктык. Кызык бизди ким күтүп алаар экен, деп эки жакты карайбыз.Бир убакта тили буруу кастюм шым кийген киши РИТА деп жазып алып мандайыбызга келип туруп калдык. Аа деп бир-бирибизди карап күлүп, ал бир нерсе деди биз ийи деп эле артынан ээрчидик. Зымылдап автоунаа менен ТРТга келдик Жылмайа карап Алмаз Асанбаев деген байке бизди тосуп алды. Иштээр жерибизди жатаар жерибизди көрсөтүп бүгүн эс алгыла эртең жумушка чыккыла деп кетип калды. Бир жума эшикке чыкпай иштедик. Анан эс алуу күнү болгондо базарлап жөнөдүк.

«Ай Кызылай Кызылай, бүтпөстүр сенин кыгын ай» деп, ишемби жекшемби күнү бир нерсебиз калып калган кишидей болуп Кызылайды көздөй шашабыз. Алсак деле албасак деле алтын таап алгансып кармалап көзгө көрүнгөндүн баары кызык көрүнөт. Ай ииий, ой иий деп кармалап коюуп кете беребиз. Ошентип жүрүп олтуруп жалаң жоолук шарф саткан магазинге келдик. Биринен өтүп бири кооз. Бирок кымбат.Түрк лирасы деп ТЛ деген жазууларды да түшүнүп калганбыз. 5 ТЛ десе ии деп карап калабыз. 10 - 15 ТЛ десе ойлонуп калабыз. 20 ТЛ десе басып кетебиз. Ошентип 10 ТЛ деген шарфтарды 7 ТЛ га чейин индирим кыл (арзандат) деп атып алдык. Эжеме, жеңеме, сиңдиме, досума деп санап атабыз. «Индирим кыл мен муну тебрик этиорум» деп эле сатуучуну зордой берим. Анламадым дейт. Тебрик эдиорум индирим кыл деп кайра башынан түшөм. Ошентип сатуучу мени карап күлүп, тамам, тамам деп 10 ТЛ деген шарфтарды дагы 5 ТЛга чейин индирим кылып сатып алганбыз" Рита Тилемишова.

Рита Тилемишова айымга ийгилик каалайбыз. КТРКнын Кыргыз радио бирикмесиндеги чыгармачылыгы өркүндөй беришин тилейбиз.



Тектеш кабарлар