Кутубузга кат келди-11

Кутубузга келген азил-тамашалуу эскермени тартуулайбыз.

770276
Кутубузга кат келди-11

Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак, Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТга ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттери тажрыйба алмашуу үчүн келип турушат. Мына ушундай тажрыйба алмашууга Кыргызстандын  ЭлТР каналынын журналисттери да келишкен. Ошолордун арасынан Жумамидин Сулайманкуловдун эскермеси келген эле. Бүгүн ушул эскермеге орун беребиз.

«Мындан үч жыл мурун Түркиянын “ТРТ Аваз”  телеканалына 2 айлык тажрыйба алмашуу үчүн журналисттик кесибиме байланыштуу барып калдым. Ош Эл аралык аэропортунан “Түрк Аба Жолдору” компаниясынын учагына олтуруп түз эле Стамбул шаарындагы “Ататүрк” эл аралык аэропортуна сапарлаш кесиптешим Нурсултан Кадыркул уулу экөөбүз келип кондук. Учак конууга даярданып ылдыйлап баштаган учурдагы Мрамор менен Кара деңиздин кооздугуна суктанып бүтө албайсың. Ал эми аэропорттун ички бөлүгү өтө чоң болгондуктан баш айланат. Каяка басарыңды билбейсиң. Стамбулдан ары ички каттамдар аркылуу Анкарага учмакпыз. Ортодогу убакыт аралыгы өтө эле кыска болчу. Жетишүү керек. Эл агымы менен басып жөнөдүк. Өткөрмө жайына жетип кезек алып катарда турабыз. Алдыбыздагы 6-7 киши текшерүүдөн өткөн соң кезек бизге келди. Мен дароо документтеримди узаттым. Чек ара кызматынын өкүлү бир көз чаптырып, дароо эле мага карап жылмая: “Бул “дыш хатлар” тышкы каттамдар бөлүмү бул жерден болбойт,”-деп колу менен башка тарапты көргөзүп жылуу узатты. Бул жерде көп эле убакыт короттук. Шашкалактап бара жатабыз. Жетишпей калсак кантебиз деген ой тынчымды алат. Утур жолуман чыккан аэропорт кызматкерлеринен колубуздагы авиа билетти көргөзүп эптеп түшүндүрөм. Алар жол көрсөтүп багыт берет. Ошентип олтуруп акыры жүргүнчүлөрдү текшерүүчү жайга жеттик. Тездетели деген максатта сапарлашым Нурсултан 1-өткөрүү жайына ал эми мен болсо башка жерге кезекке турдум. Элдин бары эле утур мени карап жылмаят. Эмне тердеп-тепчип жүдөп турганыма күлүп жатабы же башка нерсегеби деп ойлоп коем. Алдымда 3-4 балалуу аял турат. Алар өтөрү менен эле мен документтеримди чек арачыга сундум. Ал мага кайра документтеримди узатып Нурсултан турган катарды көргөзүп ошол тарапка өтүүмдү суранды. Эмнеге экендигин түшүнгөн деле жокмун. Авиа билеттеги убакытты көргөзүп шашылыш дегендей жаңсоо кылсам ал мага кайра колунун учу менен өткөрүү жайдын үстүндө илинип турган эне-баланын сүрөтүн жана балалуу энелер үчүн деген жазууну көргөзүп жатпайбы... Шашкалактап жатып маани деле бербептирмин. Түшүнсөм да билмексенге салып көгөрүп кайра документтеримди сундум. Ал да ынабайт. Ары жактан бизге байкоо салып турган аэропорттун бир кызматкери басып келип биздин сүйлөшүүбүзгө аралашты. Кайра эле убакыт тар өткөрүп койгула дегендей авиа билетти көргөздүм. Акыры түшүндү окшойт жылмайып мени тиктеп башын чайкап колундагы мөөрүн басып өтүүгө уруксат берди. “Өох” деп чоң көйгөйдөн арылгандай  жеңилдей түштүм. Терибиз агып, жүдөп какап учакка араң жеттик. Жаныбыз жай алып түрк туугандардын сылык сыпаа мамилеси менен тейлөөсүнө ыраазы болуп кыргызчылыкты түрк туугандарга да көргөзүп койдум ээ деп ичимден шыбыранып алдым. Стамбул менен Анкаранын аралыгы учак менен бир саат Ош менен Бишкек шаарындагы аралыкка эле барабар экен. “Ататүрк” аэропортуна салыштырмалуу бир топ эле чакан экен Анкаранын аэропорту. Сыртка чыксак латын алфавитинде “JUMAMIDIN” деген жазууну кармап бир түрк турат. Ичимен муну менен эми кантип түшүнүшөм же түркчө билбесем деп басып барсам. “Ассалому алейкум жакшы келип алдыңарбы,”-деп салам берет. Көрсө Казакстанда билим алып окуп келген казакча, орусча аралыштырып сүйлөгөн Жумалы Йылдырым деген бала экен. Бары жайында экендигин сезип Анкаранын ийме-чийме болгон түз жолдоруна, шаардын кооздугу менен инфраструктурасына суктанып бара жаттык. Ошол эле күнү мейманканага жайгашып, Анкарынын Чубук деген районунда жашаган Вандык кыргыз туугандардын үйүнө бизди “Түркия үнү” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Алмазбек Асанбаев коноко алып барды. Жолдо бара жатып “Индирим” деген чооң жазууну көрүп бул райондун аты “Индиримби” –деп сураганым дале эсте. Көрсө “индирим” бул кыргызча “арзандатуу” деген маанини берет тура... Алардын жарнама белгилери биздин район-шаарлардын кире беришиндеги аркалардан деле чоң экен. Ошентип эки айлык кызыктуу күндөр Алмазбек Асанбаевдин жардамы менен тез эле биринин артынан бири өтүп жатты. “ТРТ Аваз” телеканалына, Анкара шаарына, Алмазбек Асанбаевдей болгон адамгерчиликтин мыкты үлгүсүн көргөзгөн мекендештерибизге болгон сагынуу жана урматтоо мамиле менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө дагы деле болсо жашап келет. Келечек алдыда. Кайрадан жолугушчу күндөр арбын. Жолугушканча “ТРТ Аваз”, Анкара!!!”  Жумамидин Сулайманкулов

Урматтуу окурмандар! Буга өзүмдүн пикиримди кошо кетейин. Жумамидин менен Нурсултан сылык-сыпаа, жылмайган, жагымдуу жаш кесиптештер экен. Алар менен таанышар замат КТРКдан «Түркия үнү» радиосуна келген кесиптештер Бакыт Ашыракманов жана Мунара Алимжанованы Анкаранын Чубук деген районуна конокко алып баратканымды, чаалыкпаган болсоңор биз менен чогуу баргыла деген сунушумду айттым. Алар макул болушту. Ошентип Анкаранын четиндеги Чубук районуна сапар алдык. Ал жерде Түркиянын Ван облусунан көчүп келген кыргыздар жашайт. Алардын бул жакка келип  отурукташканына 2-3 эле жыл болду. Кыргызстандан келип Түркияда жергиликтүү кыргыздар менен жолукканына кесиптештер ары кубанышып, ары айран таң калышып өздөрүнчө көөдөндөрүндө сакталган сыр бардай карап жатышты. Жергиликтүү кыргыздар болсо туугандары келгенине батына алышпай, дастарконун жая салышып сый көрсөтүштү. Андан соң Бакыт Ашыракманов агай жибидиби айтор бурчта турган комузду колуна алып, күү чертип, ырдап кирди. Ага кошулуп чубуктук кыргыздар да өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты. Ошентип бири-бири менен бат эле тил табышып, бири-бирине суроо узатышып каны бир элдин тукумдары экенин тастыкташты. Андан соң үйдөгү телевизордо ЭлТР каналы көрсөтүп жатканын көрүп Жумамидин менен Нурсултан абдан кубанышты. Биз бул каналда иштейбиз. Биздин канал силерде тартат турбайбы дешип. Анан чубуктук кыргыздарды видеого тартып кетүү боюнча макулдашып ал күнү кайтканбыз. Кийин Жумамидин менен Нурсултан барып чубуктук кыргыздарды тартып алып, ЭлТр каналында көрсөтүшкөнүн интернеттен көргөн элем. Мына ушундай окуяга күбө болгом урматтуу окурмандар.



Тектеш кабарлар