Түркия жана дүйнө күн тартиби - 81

Израилдин Газа кол салуусу

67347
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 81

Израиль үч еврей жараны палестиналыктар тарабынан качырылды деген негиз менен 12 – июндан бери Газага кол салууда. Бул Израилдин биринчи жолку кол салуусу эмес, он жылдан бери жасап келе жаткан кол салуусунун бир мисалы. Акыркы кол салууда жүздөгөн киши каза болду жана жараланды. Үйлөр жер менен жексен болду. 1 жарым миллион палестиналык жашаган Газа дагы бир жолу ичине көмүлдү. Бир тараптан Батыш Шериада жашаган палестиналык башкаруучулар, депутаттар, министрлер да болуу менен беш жүзгө жакын киши саясий себептер менен камалды. Операциялардын дагы да кеңейери, кенен түрдөгү кургактык операциясынын баштай турганы айтылууда. Булардын баары негизинен жаңы бир Израиль – Палестина согушу деген мааниге келүүдө.
Израиль бул кол салуусун да ар дайым болгондой палестиналыктардын террор жүргүзгөнү боюнча ырастоосуна таяндырды. Бирок бул террор ырастоосунун чындык тышы жана кол салуулардын ашыкча кыргын экенин аз гана киши айта алат. Ондогон жылдардан бери болгондой Израилдин Газада жасаган кыргындарынын алдында бүткүл дүйнө үнсүз калууда. АКШ жана батыштык өлкөлөр тараптарды чыдамдуу болууга чакырды; бирок бул сөздөр Израилди токтотууга жеткен жок. Бир тараптан кээ бир аймак өлкөлөрдүн лидерлеринен мисалы президент Абдуллах Гүл жана премьер – министр Эрдогандан абдан катуу сөздөр келди.
Мармара университетинин саясий билимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Израилдин 12 – июлда башталган Палестина кол салууларында жаңы бир абал жок. Маселенин маңызында Израилдин Палестина жери болгон Газа жана Батыш Шерианы 1967 – жылдан бери басып алуусу бар. Израиль БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине тактап айтканда эл аралык укукка карабастан аймакты колунда кармоону улантууда. Израиль бир гана Газа жана Батыш Шерианы басып алуу менен эле калган жок, бул жерлерде жашаган күнөөсүз кишилерге аскердик кол салуу жасап, камоого алган. Андан да жаманы Израиль Газа аймагына эмбарго жасаган, кургактыктан, деңизден жана абадан изоляциялап дүйнө менен байланышын үзгөн. Бул саясат Газаны дүйнөнүн эң чоң ачык аба абагына айландырган. Ал түгүл еврей калкынын өткөн күндө жашаган жаман учурлары сыяктуу тактап айтканда Гитлердин еврейлерди чогулткан лагерлери сыяктуу бир жарым миллион газалык Израиль лагеринин ичинде жашап жатат. Гитлерге каршы дүйнөлүк масштабда каршы чыгулар болуп, Израилдин кыймылдарына каршы эч кандай кыймыл жок. Бирок акыркы окуяга карата каршы чыгуулардын өткөн күндөрдөгү соккунун күчүнөн дагы күчсүз экенин баса белгилөө керек. Мурун Израиль Палестинага кол салганда Сирия, Ирак жана Ливиядан жыйынтыксыз да болсо кээ бир каршы чыгуулар болчу. Эч бир жыйынтыгы болбосо да Саддам, Каддафи жана Асаддан келген каршы чыгуулар психологиялык канааттанууну жаратчу. Акыркы жылдарда болсо Түркия жана Ирандын Израиль аркылуу абдан олуттуу таасири болгон. Түркиянын Палестина саясаттары Израилдин кээ бир кадамдарды таштоосуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Бирок бул таасирлердин да абдан чоң өлчөмдө азайганы көрүнүүдө. Бир тараптан араб жазы процессиндеги өзгөрүүлөр, бир тараптан Сирия кризиси, Израиль аркылуу аймактык кысым каражаттарын жок кылды. Мурсиден кийин келген Сисинин, граждандык согуштагы Асаддын, хаос ичиндеги Ливиянын нефть эмираттыктарынын Палестина тууралуу таасирдүү саясаты жок сыяктуу. Бул абалдан улам Израиль дагы да күчтөнүүдө. Балким мамлекеттер эмес, бирок Жакынкы Чыгышта улантылып жаткан коомдук кризис жана сокку Израилге терең таасир берүүдө. Израиль, Сирия жана Ирактагы оттун бир күн өзүнө да туташаары боюнча коркууда. Акыркы Газа кол салуусун ушул алкакта кароого болот. Израиль бул кол салуу менен тегерегиндеги от чамбарына каршы күчтүү жана даяр экенин көрсөтүүгө аракет кылып, Хамаска жана аймактагы Израилге каршы топторго каршы күчүн көрсөтүүдө же коркутууда. Бирок бир түрк макалында айтылгандай : «Коркуунун ажалга пайдасы жок». Израиль аймактагы от чамбарынан канчалык алыс турууга аракет кылса да ага чагылуу потенциалы бар. Бул чагылуунун болуп же болбой турганы жана соккусу чоң өлчөмдө Израилдин өз саясатына байланыштуу. Израиль күнөөсүз кишилерди канчалык өлтүрсө аймактагы хаос ошончолук күч алат жана бул хаос канчалык күч алса Израилге ошончолук ылдам жана күчтүү түрдө жайылат. Бирок эгерде Израиль кол салуу жана кыргындардын ордуна тынчтыкты тандап жана басып алган жерлеринен чегине турган болсо от чамбарынын таасиринен ошончолук алыс болот. Бирок Израилдин кол салууларынын токтотулуусу жана кийин кайталануусу, бир гана бул өлкөнүн каалоосуна калат. Өзгөчө АКШ, батыштык мамлекеттер, БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар жана ислам өлкөлөрүнүн да Израилди токтотуу үчүн роль ойноосу керек.
Мармара университетинин саясий билимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин Газадагы абалдар тууралуу баа берүүсү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар