Түркия жана дүйнө күн тартиби - 80

Президенттик шайлоодо талапкер профилдери жана саясат

131671
Түркия жана дүйнө күн тартиби - 80

Түркия Республикасынын 12 – президенттик шайлоо маротону 3 ысымдын так талапкерлиги менен 3 – июлда расмий түрдө башталды. Ушуга караганда шайлоодо бийликтеги партия Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын талапкери премьер – министр Р. Т. Эрдоган, оппозициячыл партиялар Республикалык Элдик партиясы жана Улуттук Кыймыл партиясы биргелеше көрсөткөн талапкери Экмеледдин Ихсаноглу жана ХДПнин талапкери Селахаттин Демирташ жарышат. Биринчи туру 10 - августта, экинчи туру 24 – августта боло турган шайлоодо Түркияда биринчи жолу калк түздөн түз шайлоо жолу менен президентин шайлайт.
Талапкерлердин ким болору, көптөн бери кызыгуу менен күтүлүп жаткан. Оппозициячыл партиялардын кандай жана кимди талапкер көрсөтөрү, Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын талапкеринин ким болору, ХДПтин бир талапкер көрсөтүп же көрсөтпөй турганы жана башка талапкерлердин чыгып же чыкпай турганы кызыгуу менен күтүлүп жаткан. Өзгөчө оппозициянын биргелеше көрсөтө турган талапкер талаш – тартышы жана премьер – министр Эрдогандын талапкер болуп же болбошу тууралуу темалар абдан маанилүү эле. Республикалык Элдик партиясы жана Улуттук Кыймыл партиясынын өз ичинен бир талапкер көрсөтүүнүн ордуна биргелеше талапкер белгилөөсү жана премьер – министр Эрдогандын талапкерлигине каршы чыгуу, абдан кызыктуу эле. Акырында талапкер белгилөө процесси аяктады; азыр бул талапкерлердин үгүт жүргүзүү иштери башталды. Талапкерлер ар кандай методдор менен үгүт жүргүзүшүүдө жана проектилерин ортого салышууда. Премьер – министр Эрдоган үгүт жүргүзүү иштерин 1919 – жылы Боштондук согушу башталган Самсунда жана Эрзурумда калкка кайрылуу менен баштаса, Экмеледдин Ихсаноглу Йозгатта жана Стамбулда дагы тар чөйрөлөрдө өткөргөн жыйындар менен, Демирташ болсо Диярбакырда бир ооз ачуу программасы менен баштады. Процесстин ушундай улантылары, тактап айтканда Эрдогандын жана Демирташтын кенен катышуучу болгон элдик митингдерде, Ихсаноглунун болсо дагы тар чөйрөлөрдө жана медиа каналы менен ойлорун билдирери көрүнүүдө.
Мармара университетинин саясий билимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин тема тууралуу баа берүүсү.
Президентикке талапкерлердин профилдери жана перформанстары Түркиянын кызыктуу шайлоо процессине киргенин көрсөтүүдө. Оболу Түркияда негизинен парламентарлык система болсо да президенттик система сыяктуу шайлоо өткөрүлөт. Шайлоочулар өздөрүнүн жана өлкөнүн муктаждыктарын камсыз кыла аларын ойлогон бир лидерди түздөн түз шайлашат. Бул жерде эң негизги нерсе талапкерлердин саясий мүнөзү, проектилери же саясаттары тууралуу маалымат ээси болуусу. Шайлоочулардын талапкерлер тууралуу абдан ачык жана бекем маалыматка ээ болуусу, баш тартылгыс демократиялык укугу. Мунун жолу болсо талапкерлердин шайлоо үгүтүндө калкка өзүн ачык түрдө түшүндүрүүсү. Бул жактан караганда Эрдоган, Ихсаноглу жана Демирташтын ортосунда олуттуу айырмачылыктын бар экенин айта алабыз. Бул айырмачылык талапкерлердин саясий мүнөзү, харизмасы, канчалык таанылгандыгы жана өткөн күндөрдөгү перформансынан келип чыгууда.
Талапкерлердин профилдери кыскача төмөнкүчө билдириле алат. Премьер – министр Эрдоган башынан бери эле саясатчы, он жылдан бери Түркия жана дүйнө саясатынын ичинде чечим чыгаруучу, 12 жылдан бери жалгыз бийликте турган бир актер жана эң негизгиси калк абдан жакшы тааныган күбөлүккө, перформанска ээ реформачыл.
Экмеледдин Ихсаноглу Египетте туулган түрк жараны, билим тарыхы боюнча профессор, Ислам Кызматташтык Уюмунун мурунку баш катчылыгын аткарган эл аралык башкаруучу, модерндешүүнүн жактоочусу бир бюрократ. Египеттеги Сиси соккусунда тарапсыз болгон саясатчы.
Селахаддин Демирташ Түркиядагы күрт саясатынын алдыңкы лидерлеринин бири, ХДПнин кош төрагасы, ПКК террордук уюмунун лидери Өжалан менен жакын байлынышы болгон саясатчы, Түркиянын ички жана тышкы саясаты тууралуу радикал оппозициячыл.
Талапкерлердин профилдери негизинен абдан кызыктуу бир чындыкты ортого чыгарууда; Эрдоган Түркиянын 100 жылдык исламчыл, консерватор жана коомдук чөйрө салтынын өкүлү, Ихсаноглу 100 жылдык лаицизм, заманбап өнүгүүнү жактаган киши, Демирташ болсо 100 жылдык күрт кыймылын, Шейх Саиттен бери ар кандай формада улантылып келген күрт оппозициячыл кыймылынын өкүлү. Ушул жактан караганда биринчи туру 10 – августта, экинчи туру 24 – августта боло турган президенттик шайлоо 100 жылдык Түркия саясаты, социология жана маданий тарыхынын басып өткөн жолу болот. Дагы да кызыктуусу бул шайлоодо республика режиминин куруучусу, лаицизм жана модернист түшүнүк же идеология менен бул идеологияга 100 жылдан бери оппозиция болуп келген диний жана этникалык ой жарышат. Башкача айтканда Түркиянын коомдук жана саясий чөйрөсү менен борбордук козрларын бөлүшүшөт.
Бир тараптан президенттик шайлоолор 100 жылдык Түркия тарыхынан кийин кандай келечекти тандап алары тууралуу. Түрк шайлоочулар президентти гана шайлабайт, ошол эле учурда кандай башкарууну талап кылганын да ортого салат. Өткөн күндө саясий партиялар жана парламент аркылуу кимдик жана саясат тандоо бул жолу түздөн түз саясий лидерлердин жардамы менен ишке ашат. Акырында президенттик шайлоо Түркиянын башкаруу формасынын кайрадан түзүлүшү тууралуу пикир берет. Эрдоган айткандай президенттик режимди колдошобу, Улуттук Кыймыл Партиясы – Республикалык Элдик партиясы жактаган «классикалык парламентар» режимин колдойбу же ХДП каалаган «федералдык» режимди колдойбу деген пикир берилет. Ушундайча Түркия шайлоосу жаңы бир Түркиянын башталышы тууралуу түздөн түз тандоо жолу жана талап кылат. Акырында талапкерлердин тышкы саясатты тандоосу менен Түркияга жаңы бир багытпы же азыркы абалдын улантылуусу кааланып жатабы ортого чыгат.
Мармара университетинин саясий илимдер жана эл аралык карым – катнаштар бөлүмүнүн мугалими профессор Рамазан Гөзендин алдыда боло турган шайлоо тууралуу баа берүүсүн жарыяладык.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар