Согуштун 3 -  жылында батыш үчүн чечим чыгаруу учуру

Апталык анализ - 9. 2024

2111503
Согуштун 3 -  жылында батыш үчүн чечим чыгаруу учуру

   Россиянын Украинага карата кол салуусу жана андан кийин улантылган кагылышуулар  экинчи жылын аяктады. Артка караганыбызда эки өлкөнү тең жалмаган согушту жана кааланган жыйынтыкка жетишилбегендигин көрөбүз. Бирок орустар акыркы мезгилдерде аянтта үстөмдүккө ээ боло баштап, батыш үчүн эми чечим чыгаруу учуру келди. Же Украинаны колдошот же Россиянын жеңиши менен беттешишет.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсүн угуңуздар.  

Мындан эки жыл мурун Россиянын чагылган операциясы менен Киевди колго алып, бийликти алмаштыруу үчүн Украинада баштаган аскердик операция ийгиликсиз болуп, кадам кадам баскынчылыкка айланды. Бирок орус армиясынын жетишсиздиги, Украина армиясынын каршылык көрсөтүүсү жана  улутчулдук сезимдери менен биригип оккупация ийгиликсиздикке учурады, өзгөчө батыштык өлкөлөрдүн  аскердик жардамы менен орустар оккупациялаган бир топ аймактан чыгууга мажбур болду. Бирок Россия тарыхта бир топ жолу болгондой өзүнүн географиялык тереңдигин, жаратылыш ресурстарын жана оор адам күчүн мобилизациялоо менен согуштун жүрүшүн өз пайдасына өзгөртүүгө жетишти. Өзгөчө акыркы айларда Украина армиясына берилген тышкы колдоо азайып,  адам ресурстары жагынан Россияга каршы тоскоолдукка учураган украиндер фронтто кыйынчылыктарга учурай башташты. Путиндин орус армиясынын башкаруу түзүлүшүн өзгөртүүсү, мобилизация чечими менен персонал санын олуттуу түрдө көбөйтүүсү жана албетте коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугун арттыруу олуттуу жыйынтыктарды берди.

Ушунун негизинде өзгөргөн аскердик динамика аянтта өзүн көрсөтө баштады. Айрыкча Донбасста өтө маанилүү жерде жайгашкан жана 2014-жылдан бери украин армиясынын таянычы болгон Авдиевканы орустардын басып алышы кооптуу абалды жаратты. АКШда Конгресс менен Ак үйдүн ортосундагы күрөш Украинага жардам берүүнү токтотууга алып келип, Европа мамлекеттерин да жетеринче көлөмү жана саясий эрктин жетишсиздигинен Украинаны Россияга каршы колдой албагандыгы байкалууда.  Тескерисинче, орустар согуш экономикасын түзүп, ресурстарын дагы көп согушка мобилизациялап, акырындык менен болсо да жыйынтыктарды алып, алдыңкы саптарда артыкчылыкка ээ боло башташты.

Европа өлкөлөрү эми коркунучту билүү менен аракет кыла башташты.  Германия жана Франция баш болгон континенталдык европалык мамлекеттер Британия менен макулдашып, Украинаны дагы кандайча күчтүү колдоого аларын ойлоп жатышат. Бирок  маңдайларында күчтүү Россия бар. Согуштун экинчи жылы аяктап Россиянын алдында чарчаган Украинанын азыркы учурдагы шарттарда канчалык чыдай алары олутуу суроо белгисин жаратууда. Ошондуктан батыш үчүн чечим чыгаруу учуру келди. Эртерээк мүмкүн болушунча тез аранын ичинде өз ара пикир келишпестиктерди жоюп, АКШны тартуулары, Украина армиясын жана экономикасын интенсивдүү түрдө колдоолору керек. Ушундай жол менен  орустардын алдыга жылышы токтотулуп, орустар кайра чегинүүгө аргасыз болот. Антпесе орустардын Украинанын жеңиши орто мөөнөттүү келечекте Континенталдык Европага олуттуу коркунуч туудурган жаңы геосаясий жарылууну жаратат.

Албетте, Россиянын бул жеңишинен эң көп пайда көрө турган өлкө Батыш менен уланып жаткан бийлик күрөшүндө союздашы Россия менен бирге алдыңкы орунга чыга турган Кытай болот.



Тектеш кабарлар