Апталык анализ - 2.2024

Түрк чалгындоосунун трансформациясы.

2088295
Апталык анализ  - 2.2024

Улуттук Чалгындоо Уюмунун 97 жылдыгы Түркиянын глобалдык геополитикадагы таасиринин жана өзгөргөн күч динамикаларынын  далили. Түркиянын чалгындоо секторунун  2010 -  жылдан бери башынан өткөргөн трансформациясы аз эмес. Араб жазынын башталышы Түркиянын коопсуздук жана стратегиялык чөйрөсүндө чоң өзгөрүүгө жол ачып жана кенен түрдө бир стратегиялык реформа муктаждыгын жараткан. Сирия жарандык согушунун татаалдыгы өзгөчө мамлекеттин турмуштук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү өзгөчө талап кылды.

Түрдүү ассиметриялык коркунучтардын жана терроризмдин жогорулашы аймакты  чалгындоо согушу аянтына айландырды.  Буга жооп кылып Түркия өзүнүн аскердик жана чалгындоо стратегияларын чебердик менен кайра карап чыкты. Президент Эрдогандын жетекчилигинде стратегиялык артыкчылыктар кайрадан аныкталып, улуттук коопсуздук жана тышкы саясат максаттарына шайкеш келүү үчүн чалгындоо мүмкүнчүлүктөрү олуттуу түрдө жогорулатылды.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

Түркиянын тышкы саясатта реактивдүү бир актерго айлануусу көңүл буруучу. Президент Эрдоган жаран  -  аскер карым  - катнаштарында төңкөрүш жаратуу менен дагы таасирдүү жана баш тарттыруучу аскердик мамиленин кубатталуусунда таасирдүү болду. Бул стратегиялык эволюциянын негизги аспектиси, көз карандылыкты азайтуу жана Түркиянын коргонуу инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу өз алдынча коргонуу өнөр жайы демилгелерине көңүл буруу. Чалгындоо секторунун төңкөрүш мүнөзүндөгү жетишкендиктери бул кеңири стратегиялык контексттин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Хакан Фидан жетектеген түрк чалгындоо реформасы бир канча маанилүү этапта ишке ашты. Биринчиден чалгындоо максаттарынын кайрадан багыттандырылышы, ички чалгындоодон дагы кенен тышкы чалгындоо миссиясына өтүү болду. Бул кайра жөнгө салуу адамдын чалгындоо булактарынын бекемделишин керек кылды  жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун операциялык масштабын олуттуу түрдө арттырды.

Муну менен дагы шайкеш жана интеграцияланган чалгындоо экосистемасын түздү. Мекемелер арасындагы роль жана жоопкерчиликтердин кайрадан аныкталышы бир бүтүн чалгындоо мамилесин жеңилдетти. Улуттук Чалгындоо Уюмунун президенттикке байланышы административдик  операцияларды жеңилдетип, Улуттук Чалгындоо Уюмунун түшүмдүүлүгүн арттырды.

Чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүндөгү технологиялык прогресс, өзгөчө терроризмге каршы күрөштө реформанын дагы бир негизи болуп ортого  чыкты. Мисалы, Улуттук Чалгындоо Уюмунун  учкучсуз учуучу аппараттын жакшыртылган мүмкүнчүлүктөрү террористтик топторду олуттуу түрдө алсыратып, чалгындоо операцияларында стратегиялык секирик жасады. 

Күч динамикасынын өзгөрүшү жана геосаясий чыңалуулардын күчөшү менен мүнөздөлгөн бүгүнкү дүйнө стратегиялык чалгындоонун маанилүү ролун баса белгилейт. Улуттук Чалгындоо Уюмунун гибриддик коркунучтарга каршы чыгуу жана келе турган сценарийлерди болжолдоо жөндөмдүүлүгү, Түркиянын улуттук, аймактык жана глобалдык сахнадагы кызыкчылыктарынын сакталышында абдан маанилүү.

Уюмдун  97  жылдыгында Ибрахим Калын, Улуттук Чалгындоо Уюмунун өнүккөн чалгындоо доктринасын түшүнүүнүн маанисин баса белгиледи.  Глобалдык кагылышуулар барган сайын татаалдашына, геосаясий баяндарды калыптандырууда технологиянын маанисине жана пайда болуп жаткан  полярдуу дүйнөлүк тартипке көңүлдөрдү бурду. Калындын  жаңы күч борборлорунун жана  союздаштык түзүмдөрүнүн түзүлүшүнө байланыштуу көз караштары, өзгөргөн глобалдык панорамага байланыштуу так бир түшүнүктү чагылдырууда.

Түрк чалгындоо доктринасынын өзөгүндө эки негизги принцип жатат: өзүн-өзү камсыз кылуу жана токтотуу. Калын көп өлчөмдүү коркунучтарга каршы улуттук коопсуздукту жана эгемендүүлүктү коргоодо бул принциптердин маанисин баса белгиледи. Бул контекстте чалгындоо киберкоопсуздук, климаттын өзгөрүшү, биологиялык коркунучтар, энергетика, азык-түлүк жана экономикалык коопсуздук сыяктуу түрдүү тармактарды камтыган кеңири стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдөн ажырай албайт.

Коркунучтарды алдын алуу жана азайтуу үчүн бөгөт коюу абдан маанилүү максат болууда.  Бул ыкма Улуттук Чалгындоо Уюмунун Түркиянын жалпы коопсуздук аппаратындагы стратегиялык маанисин бекемдейт.

Глобалдык чыңалуу күчөгөн сайын дипломатияда чалгын кызматынын ролу барган сайын маанилүү болуда. Түркиянын Сирия, Ирак, Ливия жана Карабах сыяктуу аймактардагы тажрыйбалары чалгындоочу дипломатиянын маанилүүлүгүн көрсөтүүдө. Калындын жетекчилигинде чалгындоо дипломатиясы ассиметриялык коркунучтардын татаалдыгына жана өнүгүп жаткан глобалдык союздаштыктарга ыңгайлашып,  маанилүү роль ойноого даяр. 



Тектеш кабарлар