Апталык анализ - 1. 2024

2024 – жылдын дүйнөлүк геополитикасы

2085098
Апталык анализ  - 1. 2024

   2024 -  жылга кирсек да аймагыбызда  2023 -  жылдан келген маселелер менен кагылышуу процесстери тилекке каршы уланууда. Россия  -  Украина согушу күчөп, Израилдин Газадагы оккупация жана кыргындары да  уланууда. Бир тараптан хусилердин Баб ел  Мендеб жана Кызыл деңизди жабуусу, АКШнын кйилигишүү үчүн изденүүсү да уланууда. Суданда  жарандык  согуш барган сайын күч алууда. 2024 – жылдын алгачкы күндөрү аймактык нормалдашуу жана дипломатия алдыга чыга турган жыл болору болжолдонуп, эми болсо алдыбызда пессимисттик көрүнүшкө туш болуудабыз.

СЕТАнын  тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

2024 -  жылдын биринчи күнү Жакынкы Чыгыш кан көлүнө айланды. Израилдин Газадагы оккупация кыймылы жана кыргындары ылдам түрдө уланууда. 22 миң киши каза болуп, күн өткөн сайын  жүздөгөн киши да өлтүрүлүүдө. Батыштык өлкөлөр Израилди колдоону улантууда. Израилдик жетекчилер дүйнөнүн көз алдында эми Газанын бошотулушу кандай болошу керектиги тууралуу билдирүүлөрдү бере башташты. Хамас жана башка палестиналык каршылык көрсөтүү уюмдары алдындагы чоң күч асимметриясына карабастан каршы турууну улантууда. Израиль болсо ачык түрдө согушту кеңейтүү үчүн кадамдарды таштоодо.  Кыска убакыт мурда Моссаддын Түркиядагы аткарган иштери жана тыңчылык желесине сокку урган операция жүргүзүлдү. Израиль аба күчтөрү болсо  2006 -  жылдан тарта биринчи жолу Бейрутту бомбалоо менен  Хамастын негизги ысымдарынын бирин өлтүрүүдөн тартынган жок жана Иранда Касым Сүлейманини эскерүү иш  -  чарасында бири биринин артынан бомба жарылды жана жүзгө жакын киши каза болду. Израиль бир канча күн мурда да  ирандык генералды Сирияда бутага алып өлтүргөн. Бул кыймылдар Израилдин ачык түрдө эле согушту аймакташтырып АКШ жана башка батыштык өлкөлөрдү Иранга каршы аскердик кийлигишүүгө мажбурлап жатат. Ирандын болсо хусилердин Баб ел  Мендеб жана Кызыл деңизди жабуу аракетине олуттуу жооп бербегендиги байкалууда. Акыркы окуялардан кийин Хизбуллахтын учурда түндүктөгү чектелген аскердик аракеттерин жаңылап же жаңылабай тургандыгын көрөбүз бирок Израиль  -  Палестина кагылышуусу акырындык менен болсо да жайылышы мүмкүн. Жакынкы Чыгыштагы башка бир фронт Суданда. Тилекке каршы ал жерде да миңдеген жарандын каза болушуна себеп болгон жарандык согуш бар. Бириккен Араб Эмирликтери  башта болгон айрым өлкөлөрдүн да бул жерден абалды курчуткандыгы көрүнүүдө.

Түндүктө болсо Россия  -  Украинанын ортосундагы кагылышуулар күчөөдө. Өзгөчө Россиянын батыштык өлкөлөрдүн Украинанын колдоо тууралуу олку  - солкулуктарынан пайдаланып процессти өз пайдасына буруу каалоосунан сөз болууда.  АКШ конгрессинин Украинага карата жардамдарга бөгөт коюшу, батыштык өлкөлөрдүн учурдагы коргонуу өнөр жайынын өндүрүшү менен Украинаны эми эффективдүү колдобошу  тең салмактуулукту Россиянын пайдасына өзгөртө баштады. Бул жерде албетте Газа маселесинин алдыга чыгышы да Украинага карата жардамдарга көлөкө түшүрдү. Батыш үчүн чечим чыгаруу учуру жакындап жатат же колдоолорун  маанилүү деңгээлге чыгарып орус агрессиясын  тең салмактайт же Россия аянтты өз пайдасына калыптандырып, Украинаны кысмакка алат.

Натыйжада 2023 -  жылдан мурас калган чоң кагылышуу аймактары уланып, түндүктө жана Жакынкы Чыгыштагы кагылышуулар күч алып, аймакташуу ыктымалы барган сайын күчөөдө. Тилекке каршы  2024 -  жыл үчүн жакшы нерселерди айтуу мүмкүн эместей көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар