2024 – жылы Түрк тышкы саясаты

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

2081917
2024 – жылы Түрк тышкы саясаты

         

7 -  октябрь окуялары жана андан кийинки  окуяларды эске албаганда  2023 -  жылын түрк тышкы саясатынын тынч жылы деп аныктоого болмок. Май айындагы шайлоодон бери болуп келе жаткан калыбына келтирүү аракети, тышкы саясаттын жалпы багытын аныктоодо маанилүү роль ойноду. Чечилбеген маселелерге карабастан, мүмкүн болгон конфликттерди минималдаштыруу жана жалпы кызыкчылыктарды биринчи орунга коюу тышкы саясаттын негизги күн тартиби болгон. Шайлоодон кийинки мезгилде президент Режеп Таййип Эрдоган Перс булуңу өлкөлөрү менен карым  - катнаштарды борборго алган жана экономиканы алдыңкылык берилген жерге айландырган аймактык тышкы саясатты тандады. Сириядан келген коопсуздук коркунучтарды азайтуу үчүн Асад режими менен министрлер деңгээлинде сүйлөшүүлөр башталды. Израиль жана Египет менен мамилелерди нормалдаштырууда олуттуу кадамдар жасалды. Эрдогандын Карабахты бошотууда Азербайжанды күчтүү түрдө  колдоосу 2023 - жылы Түркиянын геосаясий оюнчу катары позициясын бекемдеди.

Эрдоган Түркиянын Батыш менен карым  - катнашын оңдоого аракет кылып, Түркия  - Америка карым  - катнаштарында  жаңы багытты түзүүнү максат кылды жана Украина чыр  - чатагында тең салмактуу позицияны көрсөттү.  2023 - жылы башка бир  маанилүү тышкы саясат кадамы болгон Түркия-Греция саммити менен аяктады. 

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.  

Түркия  -  Америка карым  - катнаштары чечиле элек айрым маселелерден улам  2024 -  жылы да күн тартибинен орун алууга даярданууда. Булардын башында АКШнын ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ЙПГга берген колдоосунун улантылышы турат. Өзгөчө АКШнын Сирия стратегиясында маанилүү бир өзгөрүү күтүлбөйт жана бул да Сириянын түндүк  - чыгышында ЙПГга берилген колдоонун улантыла тургандыгын көрсөтүүдө. ЙПГ аскердик жөндөмдүүлүктөрүн жана эл аралык желесин бекемдеген сайын бул улантылып жаткан колдоо Түркия үчүн барган сайын кыйынчылыкты түзүүдө. Аймакты Түндүк Сирия демократиялык башкаруусу деп кайрадан атаган жаңы конститутциянын ишке ашырылышы сыяктуу акыркы аракеттер Түркиянын шашылыш чара көрүшү керектигин баса белгилейт. ЙПГ маселесинин 2024 - жылы чечилбеши Түркия үчүн дагы кеңири стратегиялык маселеге айланышы мүмкүн. Өзгөчө Түркия  -  Америка карым  - катнаштарынын  башка аспектилери келерки жылдын активдүү болорун көрсөтүүдө. F-16 сатууларындагы оң жылыштар жана Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу оң чечими Түркия  - Америка карым-катнаштарынын аскердик жана коргонуу жагына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бирок Израилдин Газа согушу жана Түркиянын бул тууралуу мамилеси сыяктуу динамикалар Түркия  -  Америка карым  - катнаштарына тескери таасирин тийгизет.  Израиль менен Түркиянын ортосунда жакынкы мезгилде макулдашуунун болушу абдан аз ыктымал катары көрүнүүдө жана бул абал Түркия    - Америка карым  - катнаштарына тескери элемент катары чагылышы мүмкүн.

Түркия - Европа карым - катнаштары жагынан 2024 - жылы 2023 - жылы жетишилген атмосферанын улантылышы күтүлүүдө. Европа Биримдиги масштабында жандануу байкалбашы мүмкүн, бирок шайлоодон кийинки атмосфера улана берет.Учурда уланып жаткан Украина келишпестигинин Түркия - Европа карым - катнаштарына олуттуу таасири бар жана келишпестиктин жүрүшүндөгү белгисиздиктерди эске алуу менен Түркиядан стратегиялык мамилени талап кылууда. Башта миграция болуу менен  коопсуздук тынчсыздануулары кызматташуу негиздерин бекемдеп, экономикалык көз карандылык Түркия - Европа карым-катнаштарынын 2024 - жылы туруктуу болоорун көрсөтүүдө.

Түркия менен Грециянын ортосундагы макулашуу жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги энергетика тармагындагы кызматташтыктын Түркия - Европа карым-катнаштарына оң таасирин тийгизиши ыктымал. Анткен менен Европада ашынган оңчул идеологиялардын күчөшү улуттук жана тышкы саясатка таасирин тийгизип, Европа Биримдигинде Түркияга каршы маанайды жаратышы мүмкүн. Ошондуктан, бул тармактагы окуялар тыкыр көзөмөлгө алынышы керек.

Уланып жаткан Украина согушу  2024 -  жылы да негизги эл аралык маселелердин бири болууну улантат жана жакындыгы, кызыкчылыктарынан улам Түркияга да маанилүү өлчөмдө  таасирин тийгизет. Эң негизги суроо АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн Украинага аскердик жардамын улантабы же жокпу деген суроо. Бул жардамды улантуу Украинанын жаңжалды улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаса, жардамды токтотуу согуштун жүрүшүн өзгөртүп, потенциал катары  Россияга пайда алып келиши мүмкүн. Натыйжада түрк тышкы саясаты Украинадагы жаңжалдын ыктымалдуу жыйынтыктарынан таасирленет.  Эрдогандын Венгрияга жасаган сапарындагы акыркы билдирүүлөр жана Эрдоган мененРоссиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда жаңы бир саммит ыктымалы, дан коридору келишими сыяктуу темалардын маанисин баса белилөөдө. Түркиянын Россия менен Сирия, Түштүк Кавказ, Ливия жана энергетика тармактарындагы көп тараптуу карым  - катнаштарга көңүл бурганда Түркия  -  Россия карым  - катнаштары  2024 -  жылы да маанилүү борбор болууну улантат.

Жакынкы Чыгышта нормалдашуу Түркиянын тышкы саясатынын маанилүү элементи болууну улантат. Бирок Түркия менен Перс булуңу өлкөлөрүнүн ортосундагы «нормалдашуу» термини эскирип, бул багытта жаңы консенсуска ишарат кылууда. Түркия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Катарды бириктирген жаңы аймактык консенсус пайда болушу мүмкүн, өзгөчө коргонуу тармагында кызматташуу, потенциалдуу түрдө стратегиялык альянска айланат. Буга карабастан Газа маселесинин чечилбеши Жакынкы Чыгышта 2024-жылы Түркияга жана бүткүл аймакка таасир эте турган кенен туруксуздук чөйрөсүн жаратышы мүмкүн. Натыйжада Түркия баш болгон өлкөлөр Газага карай аракеттерин күчөтүшү мүмкүн. 

Борбор Азия 2024 - жылы Түркия үчүн өзгөчө Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагындагы карым-катнаштар жагынан дагы бир маанилүү чен-өлчөмгө ээ. Башында экономикалык кызматташууга басым жасаган бул өнөктөштүк стратегиялык саясий демилгеге айланып, Түркияны Борбор Азия теңдемесинде позициясын бекемдеген тышкы саясат жүргүзүүгө алып барышы күтүлүүдө. 

Жалпысынан Түркиянын стратегиялык чөйрөсү динамизм жана көп түрдүүлүк менен мүнөздөлөт, натыйжада Түркиянын жаңы аймактык жана эл аралык багыты үчүн кыйынчылыктарды туудурган бир аз чектөөчү аймактык атмосфера пайда болот.



Тектеш кабарлар