Анкарада 5-Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышы болду

Түрк мамлекеттеринин 2040-жылга карата келечек максаттары жана биргелешкен долбоор сунуштары талкуулана турган форум кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды.

2076189
Анкарада 5-Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышы болду
Anadolu Cengiz Aytmatov Forumu 2.jpg
Anadolu Cengiz Aytmatov Forumu 3.jpg

 

Анкарада 5-Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылышы болду

Түрк мамлекеттеринин 2040-жылга карата келечек максаттары жана биргелешкен долбоор сунуштары талкуулана турган форум кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды.

Форум делегациясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Чыгыш менен Батыштын ортосундагы Анадолу маданий долбоорлорунун» алкагында өткөрүлө турган форумдун Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилигинде өткөрүлө турганы белгиленди. Кыргыз Республикасынын Президенттиги, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана ага караштуу мекемелер менен чет элдеги өкүлдүктөрү, Анкара коомдук илимдер университети, «Чынгыз Айтматов» атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилиги менен биргеликте өткөрүлдү.

Ачылыш программасы 12-декабрда Анкарада жана сессиялары 2024-жылдын 8-9-июнунда Бакуда өтө турган форумдун эки өлкөдө тең көп улуттуу жана бир нече сессияда өткөрүлө турганы белгиленди. Түрк мамлекеттери, чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар  жана аймактык өлкөлөрдүн катышуусунда өтө турганы эске салынды.

Форумда түрк дүйнөсүнө байланыштуу биргелешкен долбоорлор жана сунуштар берилип, түрк мамлекеттеринин 2040-жылга чейинки келечек максаттары талкууланат.

Билдирүүдө пикирлери камтылган долбоордун координатору Өмер Эрдоган 4-Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму буга чейин Кыргызстан менен Түркияда эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өткөнүн эске салды. Эрдоган төмөнкү сөздөрдү колдонду: «Негиздөөчүбүз Чынгыз Айтматовдун туулган күнү, 12-декабрда баштай турган форумду алты айлык мөөнөттүн ичинде, ал каза болгон 10-июнга чейин өткөрөбүз. Ачылыш программабызды 2023-жылы 12-декабрда Анкарадан баштайбыз.  Министрлердин деңгээлинде жана чет элдик өкүлдөрдүн катышуусунда өтө турган сессиялар «Адам үчүн кыйын нерсе - күн сайын адам бойдон калуу» моттосу менен тартууланат.  Форумдун сессиялары Азербайжандын борбору Баку шаарында 2024-жылдын 8-9-июнь күндөрүндө өтөт. Өз тармагында адис болгон эл аралык академиктердин баяндамалары менен аяктай турган форумдун жабылуу программасы 2024-жылдын 10-июнунда болот».

Ачылыш программасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталды.

Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан өз сөзүндө кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан Айтматовду эскергенин айтты. Түрк Мамлекеттери Уюмунун 2040-жылга Көз караш Документинин маанилүү этап экенин белгилеген Алпаслан форумда аймактык экономикалык жана маданий кызматташтык, туризм жана экология маселелерине чечүүчү жол издөөнүн карала турганын билдирди.

Курчап турган чөйрөнү коргоо, шаарлаштыруу жана климаттын өзгөрүшү боюнча министрдин орун басары Рефик Тузжуоглу быйылкы форумда экологиялык көйгөйлөргө чечүү жолдорун издөөнүн талкуулана турганын жарыялап, «Адам табиятына ылайык жашаганда, экологияга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү чече алабыз»,-деп айтты.

Министрликтин экологиялык көйгөйлөргө багытталган долбоорлорун түшүндүргөн Тузжуоглу: «Бүгүнкү күндө 172 миң имаратта калдыксыз башкаруу системасы ишке ашырылды. Чогултулган таштандылар аркылуу өлкөбүз үчүн 96 миллиард лира үнөмдөлдү. Ошондой эле 432 миллион бак-дарак кыйылып калуудан куткарды»,-деп маалымат берди.

 

Жогорку мектептерде тандалма сабактар

 

Улуттук билим берүү министринин орун басары Назиф Йылмаз, билим берүүнүн 2040-жылга Көз караш Документинин ишке ашуусу үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Түрк мамлекеттеринин билим берүү саясаттарында кызматташууга муктаж экенин белгилеген Йылмаз : «Мурунку форумдарда түрк дүйнөсүнүн өз алдынча өнүгүүсү үчүн орток тарых, орток түрк дүйнөсү географиясы, орток түрк адабияты боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүшү керектиги айтылган. Бул жагынан алганда биздин министрлик ар кандай контексттерде буга жетишти жана учурда бул үч предмет биздин орто мектептерде тандалган сабак катары окутулат»,-деди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Шуайип Биринжи сергек жашоонун эң маанилүү элемент экенин баса белгилеп, саламаттыкты сактоо тармагында дараметин арттырган Түркиянын тажрыйбасы менен боордош аймактарга салым кошо ала турганын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Анкарадагы атайын ыйгарымдуу элчиси Руслан Казакбаев кыргыздын улуттук адабиятын жана маданиятын дүйнөгө тааныткан Айтматовдун чыгармалары дүйнөлүк классиканын катарына киргенин эске салды.

Айтматовдун дүйнөнүн тынчтыгы жана келечеги үчүн аракет кылып, бүткүл дүйнөнү түйшөлткөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн айткан Казакбаев, Айтматов дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири экенин белгиледи.

 

«Мындай форумдар бизди жалпы түрк биримдигине алып барат»

 

Синан Оган түрк дүйнөсүн бала кезинде Чынгыз Айтматовдун китептери аркылуу тааныганын билдирди.

Чынгыз Айтматовдун кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу экенин белгилеген Оган: «Түрк доорун алдыдагы 40 жылга пландап жаткан болсок, бул мамлекеттерибиздин аракети менен гана мүмкүн болбойт. Университеттерибиз жана аналитикалык борборлорубуз чогулуусу керек. Бул маселелердин бардыгын, саламаттык сактоо системабыздан,  жалпы тарыхты жазуудан баштап, жалпы киного чейин ар тармакта ушул маселелердин баарын ушундай форумдарда талкуулашыбыз керек. Мындай форумдар бизди орток түрк биримдигине алып барат»,-деди.

 

«Түрк мамлекеттеринин 2040-жылга келечек максаттары»

 

Долбоордун координатору Өмер Эрдоган Түркияда ачылып, Азербайжанда жабыла турган форум тууралуу маалымат берип, долбоорго салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун «Чынгыз Айтматов» атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун директорлор кеңеши тарабынан форумдун ардактуу төрагасы болуп жарыяланганын белгилеген Эрдоган: «Биз өткөрүп жаткан бул форум менен түрк мамлекеттеринин 2040-жылга карай келечек максаттары Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Венгрия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан катышуучулар менен ишке ашат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар