Экинчи айында Израилдин Газа кол салуулары жана аймакка чагылуусу

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

2073981
Экинчи айында Израилдин Газа  кол салуулары жана аймакка чагылуусу

  Хамаска караштуу Кассам бригадалары менен Газада жайгашкан башка чоң - кичине каршылык көрсөтүү структураларынын 7 -  октябрда  Израилге карата  операция баштаганынан бери дээрлик  2 ай өттү. Израиль оболу абадан бомбалай баштаган Газаны кийинчерээк Түндүк жана Түштүк секторуна бөлүп түндүк аймагын кургактыктан да басып алды.  Бул жерде Израиль армиясына каршылык көрсөтүү улантылып, израилдик жетекчилердин билдирүүлөрүнө караганда түштүккө карата да кургактыктан кол салуу баштатылат. Израилдин акыркы максаты Газаны жашоого болбой турган абалга алып келүү.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

Хамаска караштуу Кассам бригадалары менен Газада жайгашкан башка чоң - кичине каршылык көрсөтүү структураларынын 7-  октябрда  Израилге карата  операция баштаганынан бери дээрлик  2 ай өттү. «Акса топону»  деп аталган бул кыймылдын ичинде жаңы аскердик доктриналар орун алып, дрон жана парамоторлор сыяктуу жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөр менен Израиль армиясында чоң бир шок таасирин жаратты. Газанын айланасында жайгашкан аскердик базалар палестиналыктардын колуна өтүп,  Газадан чоңураак  отурукташуу аймагы да көзөмөлгө алынды.

Бир канча убакыттан кийин Израиль бул кол салууга абдан оор жооп берди. Түздөн түз жарандар бутага алынган абадан кол салуулар менен кыргын кыла баштады. Түндүк жана Түштүк секторуна бөлүп, түндүк аймагын кургактыктан да басып алды. Акырында Хамасты бутага алгандыгын айтса да аскердик операцияларлар менен жаран жана жогорку түзүмдү бутага алышы блокаданы күчөтүү менен суу, азык  -  түлүккө жетүүнү чектөөсү Израилдин Газаны жашоого болбой турган абалга алып келүү менен бул жерде массалык кыргынды максат кылганын көрсөтүүдө. Түндүк сегментинен кийин Түштүккө карата оккупация аракети бул абалды күчөтөт. Газа аянтында Израилдин кол салуулары менен кагылышуунун геополитикалык жана аймактык чагылуулары да уланууда.

Кагылышуулар башталган мезгилде Хизбуллахтын жаңы бир фронт ачып же ачпай тургандыгы жана согуштун аймактык мүнөзгө айланары белгисиз болуп, Иран жана анын таасири астында кыймыл кылган Хизбуллах жана башка бөлүктөрдүн азыркы учур үчүн мындай кыймылдын ичинде болбой тургандары байкалды бирок көзөмөлдөгү жана чектери белгиленген алкакта Израиль жана АКШга каршы түрдүү аскердик  аракеттерди көрсөттү. Хизбуллах Израиль  -  Ливан  чек арасында аз интенсивдүү түрдө Израилди бутага алса, Ирак жана Сириядагы шиит түзүмдөр АКШнын базаларын бутага алууну улантууда. Бирок чыныгы күтүлбөгөн кадамдар Йемендеги Ансаруллах кыймылынан келди. Хуситтер Израилге түздөн түз согуш ачкандарын жарыялашты жана Кызыл деңизде Израиль кемелерине кол сала башташты. Аймактагы навигациянын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудургандыгын ортого салышып, АКШ деңиз флотунун согуштук кемелери бул абалга кийлигишүүгө аракет кылууда.

Ирандын прокси элементтерин колдонуу менен эскалация тепкичи логикасы менен акырындап колун көтөрүп жаткандыгын айтууга болот бирок  буга чейин ортого салган риториканын терсине   толук масштабдуу кагылышууга барбай тургандай.

Израилдин Газанын түштүгүн басып алуу жана жарандардын Сина чөлүнө карай сүрүлүшү менен бирге Египеттин аракетке өтүшү жана Араб лигасынын Израилге каршы аракетке өтүүгө мажбурланышы мүмкүн, бул теңдемеде да аскердик аракеттерге караганда ар кандай саясий жана экономикалык санкциялар тартылышы мүмкүн.



Тектеш кабарлар