Батыштын нормативдүү артыкчылыгы кыйрап баратат

СЕТАнын копсуздук изилдөөлөр боюнча дирекору, жазуучу профессор Мурат Йешилташтын  бул тууралуу пикири.

2065909
Батыштын нормативдүү артыкчылыгы кыйрап баратат

Газада болуп жаткан Израиль агрессиясында күн сайын миңдеген жаран каза болгон трагедиялуу бир абал ортого чыгууда. Буга ымыркайлардын жана кош бойлуу аялдардын өлтүрүлүшү, жаралууларды ташыган тез жардам унааларынын бутага алынышы кошулууда. Суу, күйүүчү май, электр жана интернет сыякту негизги кызматтар үзгүлтүккө учурап,  мектептеп менен качкындар лагерлери бомбалоонун бутасы болду.  Саны он миңге жеткен куралсыз кишилер үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болуп,  Батыш Шериада палестиналыктарды Изриаль аскерлери массалык түрдө кармап жатат. Мыйзамсыз жөөт отурукташуучуары куралсыз палестиналыктарды бутага алган террордук аракеттерди жасап, Израиль аскерлери фашисттердин жөөттөргө жасаган мамилесин туурагандай, камоого алынган кишилердин буттарына сандар жазылган кишендерди салып жатат.

СЕТАнын копсуздук изилдөөлөр боюнча дирекору, жазуучу профессор Мурат Йешилташтын  бул тууралуу пикири.  

 Акыркы  40 күндөн бери күбө болгон бул аесуз жана көпкө созулган кыргын,  геноцидге Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун пайдалануу катары каралууда.  Израилдин премьер-министри Нетаньяху жөөттөрдүн диний артыкчылыгына негизделген согуш риторикасын ишке ашырып, теосаясий дискурстар Вашингтондо олуттуу жооп  табууда.

Булардын баары болуп жатканда тилекке каршы эң башта АКШ болгон батыштык өлкөлөрдүн маанилүү бир бөлүгү үнсүз болуу менен эле калбастан, Израилдин өзүн  - өзү коргоо укугу катары аныктаган нерсеге маанилүү колдоо берип жатышат.  Батыш медиасы бул мыкаачылыкты  ачык эле бир жактуулук менен жазып жатышат. Газада өлтүрүлгөн балдар жана аялдар «өлдү» деп билдирилип, Израилде каза болгондор үчүн «өлтүрүлдү» деп айтылууда. Бул кош стандарт эки жүздүүлүк жана Израилдин кыймылдарын мыйзамдаштырган дискурстар эл аралык коомчулукта Израиль үчүн «өзгөчө абалдын» түзүлгөндүгүнүн ачык көрсөткүчү.

Израилге берилген бул өзгөчө статус Газа кыргындарынын чагылууларынын геосаясий жыйынтыктардан да ашып кеткендигин ортого салууда.  40 күндөн бери болуп жаткан окуялар азыркы эл аралык системанын прогрессивдүү көңдөйлүгү деп аталган нерсени баса белгилеп жатат. Күбө  болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгы батыштын ченемдик гегемониясынын ар тараптуу эрозиясынын ачык-айкын белгиси.

Заманбап эл аралык система бир гана материалдык күч боюнча курулган эмес. Ошол эле чурда 1945 -  жылы БУУнун системасынын курулушу менен бирге эрежелерге таянган эл аралык тартип курулууга аракет кылынган. Мамлекеттер, эл аралык уюмдарды түзүп жана эрежелерди белгилеп кагылышуларды алдын алууга, жабырлануучуларды агрессорлордон коргоо жана тынчтыкка умтулган глобалдык системаны курууга аракет кылат. Өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин адам укуктарын борборго алган кенен масштабдуу документтер түзүлгөн. Максат бул принциптердин алдында мамлекеттерди жоопкерчиликке тартуу аркылуу тынчтыкчыл эл аралык тартипти орнотуу. Бирок бул системанын архитекторлору болгон батыш өлкөлөрү көп учурда бул стандарттарды аткара алышкан эмес. Андан да маанилүүсү, алар бул мекемелерди Батыш гегемониясын бекемдөө үчүн курал катары колдонушту.

Батыштык өлкөлөрдүн Израилдин Газадагы мыкаачылыгына берген жообу батыштын кыйрап бара жаткан нормативдик  үстөмдүгүн баса белгилдөө. Бул  үстөмдүктүн  жок болушу Газа менен башталган жок. Батыштын нормативдик гегомониясы  ансыз да эчак эле ишенимдүүлүгүн жоготту.

АКШнын Иракка басып кириши жалган шылтоолорго негизделген жана бир миллионго жакын адамдын өлүмүнө алып келген. Араб козголоңдору башталганда, демократия талкуусу тандалып колдонула турган курал экендиги далилденген. Египетте Сиси жетектеген зордук-зомбулук аскердик төңкөрүштөн кийин Батыш маалымат каражаттары муну “демократиянын калыбына келтирилиши” деп чагылдырды.  Андан кийин Сиси  Европанын борбор шаарларында Жакынкы Чыгыштагы ырааттуулуктун символу катары тосуп алынды. Сирияда Асад режиминин химиялык курал колдонуусунан кийин батыш пассивдүү бойдон калды. АКШ Сириянын түндүгүндө ДЕАШ менен согушуу деген аттын астында ПКК террордук уюмунун уландысы болгон ЙПГ менен өнөктөштүк түздү. Франция Лафарге фирмасынын Сирияда ДЕАШтын көзөмөлүндөгү аймактарда иш алып барышына уруксат берди. Бир топ Европа өлкөсү ПККны террордук уюм катары аныктап, өз чектеринин ичинде ПККнын иштерине уруксат берди. Булардын баары батыштын бул норманы өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктары үчүн гана колдонгон мисалдарынын арасында орун алууда.

Россия Украинага басып киргенден кийин батыш Владимир Путинди мезгилдин Гитлери деп мүнөздөп, аны жарандарды өлтүргөн, жарандык  инфраструктураны бутага алган, өз аймагында элди качкынга айландырган жана Украинанын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген ырайымсыз диктатор катары сыпаттады.  Бирок бул ченемдик позиция Израилдин Газадагы ырайымсыз аскердик аракетинен улам солкулдады.

Батыштын нормативдүү артыкчылыгынын төмөндөшү убактылуу көрүнүш эмес жана олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Эң негизги жыйынтыктарынын бири нормалар болбогон жаңы бир эл аралык тартиптин көзөмөлсүз ортого чыгуу ыктымалы бар. Бул абал абдан маанилүү жана эрежеге таянбаган  бир система анархиялык тартиптин пайда болушуна алып келет. Экинчиси, батыш жана батыштык болбогон дүйнөнүн ортосундагы ажырымдын тереңдеши жана иденттүүлүккө негизделген конфликттердин көбөйүшү. Бул Хантингтон айткандай цивилизациялардын кагылышуусу катары эмес, келечектеги эл аралык тартипти калыптандыруучу иденттүүлүктөрдүн терең кагылышуусу катары чыгышы мүмкүн. Бул коркунуч өзгөчө Батыштын өзүндө 7-октябрдан бери күчөдү. Үчүнчү мүмкүн болушу болгон жыйынтык – батыш  глобалдык түштүктү өзүнөн ажыратты. Глобалдык түштүк Израилдин ырайымсыз мыкаачылыгына каршы Газанын жанында.  Төртүнчүдөн, Россия менен Кытайдын учурдагы саясатынын потенциалдуу күчөшү бар, мында эки актер тең өздөрүнүн нормативдүү баалуулуктары боюнча  коомдук түзүлүштү куруп жатышат. Бешинчиси ислам дүйнөсүнүн батыштын тышында бир геосаясий огу менен дал келүү мүмкүнчүлүгү. Балким,  7-октябрдан кийин болгон  жана Израилди коргогон өзгөчө абалдын эң ыктымалдуу кесепеттеринин бири.

Жыйынтык катары Газага карата агрессиясында Израилге берилген өзгөчө статус батыштын нормативдүү үстөмдүгүнүн акырына чыккандыгын белгилеп жана батышты моралдык жана саясий кыйроо менен күрөшүүгө мажбурлайт. 

 

 

 



Тектеш кабарлар