Израидин Газадагы кыргыны

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тема тууралуу баа берүүсү.

2063502
Израидин Газадагы кыргыны

Хамастын 7 -  октябрдагы кол салуулары жана андан кийин Израилдин Газага карата кол салуулары аймакта абалды татаалдаштырды. Бул күндөн  тарта  Израиль Газага карата кол салуулары менен миңдеген жаранды өлтүрдү.  Газага карата башталган кургактык операциялары жана натыйжасында газалыктардын  Синайга сүрүлүү  долбоору Иордания тарабынан экинчи жолу согуштун себеби деп мүнөздөлдү. Кургактык операциясынын башталышына карабастан, Израилдин отурукташуу аймактарында кандайдыр бир маанилүү жылыш жасай албаганы жана тынымсыз жарандарды бутага алуусу батыш дүйнөсүнүн борбор шаарларында  да катуу нааразылыктарды жаратты. Дүйнөлүк  коомдук пикир барган сайын Израилге каршы позицияга мажбурланып жатат. Мындан тышкары, согуштун Сирияда кандай чагылдырыла турганы кызыгуу жаратууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тема тууралуу баа берүүсү.

Израиль  -  Хамас согушунун Сирияга караган тарабында эң чоң актер Хизбуллах экендигин айтууга болот. Бирок Хасан Насраллахтын акыркы билдирүүлөрү Хизбуллахтын согушка кирбей тургандыгы боюнча таасир жаратты. Экинчи актер катары да АКШ менен шиит террористтердин ортосундагы аскердик чыңалуу таасирин жараткан элемент катары да көрүлө алат. Израилдин Газага карата кургактык операциясын баштаганына карабастан Ирандын Йемендеги хусилерди тартуу менен согуштун  активдүү фронту болуудан алыс болорун көрсөткөндүгү байкалууда. Ирак жана Сириянын аянтында АКШ менен болгон аскердик чыңалуунун өткөн күндө да окшоштору болгондой эле аскердик жоготуулар менен жыйынтыкталуудан алыс экендигин айтууга болот. Бардык бул пункттарга таянып, Израиль - Хамас согушунун Сирияга тийгизген кесепеттери чектелүү болушу мүмкүн экендиги көрүнүүдө.

Акыйкаттан да АКШнын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги аскер жайгаштыруусу да Иранга каршы баш тарттыруучу элемент катары каралышы керек. АКШлык жетекчилердин да бул багыттагы билдирүүлөрүнүн болушу согуштун Газада башталып бүтүшүнө карата бир саясатты ортого салууда. Израиль да бул мамилени жактыргандай көрүнүүдө.  Бирок Израилдин Газаны толугу менен көзөмөлгө алууну максат кылган бир мамиле көрсөтүшү менен  2,3 миллионго жакын газалыктын Синайга  аргасыз көчүрүлүшү сөз болот. Иордания бул абалды согуштун себеби деп айтууда. Египеттин да бул жагдайды кызыл сызык деп мүнөздөгөндүгү көрүлүүдө. Негизги чыкпас жол жана аймактык согуш коркунучунун ушул жерде экендиги айтылышы мүмкүн.

Аянттагы абалдарга караганда Израилдин Газада маанилүү бир жылыш көрсөтө албагандыгы көрүнүүдө. Азырынча отурукташуу маалаларынан башка жолдордун жана отурукташуу болбогон аянттардын көзөмөлгө алынууга аракет кылынгандыгы, ошол эле учурда түндүк тилкесин курчоого алууга аракет кылгандыгы айтыла алат. Бирок Хамастын туннелдик аянттарынан улам Израиль үчүн аймакты толугу менен курчоого алуу абдан кыйындай көрүнөт. Израилдин 7 - октябрдан берки ылдамдыгын эске алганда, согуш көпкө созула тургандай.  Израилдин Газаны толугу менен көзөмөлгө алууда чоң кыйынчылыкка туш болоорун жана эл аралык коомчулуктун кысымынын күн өткөн сайын күчөшүн алдын ала айтууга болот.



Тектеш кабарлар