Ондогон жылдардан бери  оккупациянын көлөкөсүндөгү палестиналыктардын күрөшү

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2050706
Ондогон жылдардан бери   оккупациянын көлөкөсүндөгү палестиналыктардын күрөшү

 

Хамаска караштуу Кассам бригадалары менен Газадагы башка палестиналык топтор «Акса топону»  деген ат менен Израилге каршы чоң аскердик кыймыл баштады. Көпкө созулган даярдыктан  кийин күтүүсүз кол салуу менен Газадагы блокаданы бузуп, аймактагы Израилдин базаларын басып алды, ошондой эле израилдик отурукташуучуларды бутага алды. Израиль болсо  биринчи шоктон кийин Газага абадан катуу бомбалоолорду баштады. Израиль армиясынын аймакка карата кургактыктан операция даярдыгын көрүшү Ливан менен  Израиль чек арасында да Хизбуллах менен кээ кээде кагылыша башташы аймакта чоң  согуштун каалгасын ачуу коркунучун да алып келүүдө.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Хамастын куралдуу канаты болгон Иззеддин Кассам бригадалары  жана аны менен бирге кыймыл кылган Газадагы Палестинанын каршылык көрсөтүү түзүмдөрү Израиль чалгындоосу жана армиясы күтпөгөн убакта чоң чабуулга өттү. Көрүнгөндөй палестиналык топтор бул операцияга көптөн бери тымызын даярданышып, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшкөн. Жарыяланган видеолордо Кассам жана башка топтордун дрон жана параматор сыяктуу элементтерди колдонуп, Газанын айланасында жайгашкан Израилдин 4 аскердик  базасын бир убакта басып алганы көрүлүүдө. Жүздөгөн палестиналык согушкер аймактагы израилдик отурукташкан жерлерге кирип, аларды чоң өлчөмдө колго алууга жетишип, 200гө жакын аскер жана отурукташуучуну туткунга алып, Газага алып келишти. Израиль армиясы жана чалгындоосу алсыздыкка учурап, жоготуулар Израилде шок таасирин жаратты. Израиль армиясы дээрлик Газанын  эки эсесинчелик  аянтты 48 саат көзөмөлгө ала албастан, алгачкы кийлигишүүнүн артынан Газага карата оор бомбалоосун баштады. Газада ансыз да бар болгон  блокаданы абсалюттук абалга алып келип аймактын электр жана суусун да үзгүлтүккө учуратышты. Израилдин саясий жана аскердик өкүлдөрү  катуу билдирүүлөрдү жасап, кургактыктан жүргүзүлүүчү операцияга даярдыктардын көрүлгөндүгү  да баса белгиленүүдө.  Израиль ачык эле согуш кылмышын жасап, 2 миллионго жакын адам жашаган Газада жамааттык жазага тартты. Шаардын бардык турмуштук линиялары үзгүлтүккө учурап, бомбалоолордо аскер же жаран деген айырмалоо жок.  Ушул кезге чейин  миңге жакын газалык каза болду. Кассам бригадалары болсо ракета атуулары жана кээ кээде туннель линияларынан инфильтрациялоо менен Израилге жооп берүү аракетинде.

Израилдин түндүгүндө Ливан чек арасында да кээ кээде кагылышуулар болууда. Хизбуллах менен Израиль армиясы бири бирин аткылоодо. Бирок бул өз ара атышуулар көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Израиль армиясы Газага карата кургактыктан операция баштата турган болсо Ливан фронтунун да ачылышы жана буга Сирия/ Голан огунун да  кошулуу ыктымалы сценарийлердин бири.

АКШнын аймакта учак конуучу кемелери менен  жайгаша баштагандыгын да эске алсак, иш күтүлбөгөн жерден күчөп кетиши мүмкүн. Израиль өзүнө карата бул кол салуулардын аркасында Ирандын тургандыгын баса белгилеп жатат. Акыркы жылдарда Хамаска Ирандын олуттуу аскердик жардам бергендиги билинген чындык. Ирандын аймактагы Арап  -  Израиль нормалдашуусуна тоскоол болуу үчүн  ушундай кадам таштагандыгы сөз болууда. Бирок бул конъюнктура менен геосаясий кадамдардан тышкары бир чындыкты да унутпоо керек.

Палестиналыктар 75 жылдан ашуун убакыттан бери Израилдин оккупациясы астында. Жерлери уурдалууда, өлтүрүлүүдө, качкын болууда. Батыш державалары Израилди  шартсыз колдоп жатышат. Айрыкча азыр ашкере оңчул/сионист өкмөт болгон Нетаньяхунун кабинети жана амалдары палестиналыктардын үмүтүн  үзүп, аларды айласыздан аскердик каршылык көрсөтүүгө түртүүдө. Буга кол сунган жалгыз өлкө – Иран.

Дүйнө палестиналыктардын укуктарын камсыздаган 2 мамлекеттүү чечимге көңүл буруусу керек. Жеринин бүтүндүгү, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон эгемендүү Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө аймакта ырааттуулукка жетишүү мүмкүн эмес.



Тектеш кабарлар