Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчылык кызматына киришти

Тапшыруу аземине тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, көп сандаган элчи жана коноктор катышты.

1811194
Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчылык кызматына киришти
TÜRKSOY Genel Sekreteri Sultan Raev 2.jpg
TÜRKSOY Genel Sekreteri Sultan Raev.jpg
TÜRKSOY- Mevlüt Çavuşoğlu.jpg
TÜRKSOY-Mehmet Nuri Ersoy.jpg
Dusen Kaseinov-Sultan Raev.jpg

Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы болуп шайланган Султан Раев борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн азем менен Дүйсен Касеиновдон кызматты өткөрүп алды.

Тапшыруу аземине тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен катар көп сандаган элчилер жана коноктор катышты.

Дүйсен Касеинов милдетин тапшырар алдында сүйлөгөн сөзүндө 31-мартта өткөн ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечим менен мындан 14 жыл мурун алган милдетин сыймыктануу менен Раевге тапшыра турганын айтты.

Касеинов ТҮРКСОЙдо иштеген күн сайын өзүн үйүндөгүдөй сезгенин айтып: «Түрк дүйнөсүнөн келген жана мени менен чогуу иштеген досторумдун баары бирдей сезимдерди бөлүшөт деп ойлойм. Биз ушул мезгилдин ичинде сонун адамдарды жолуктурдук, достук мамилелерди түздүк, теңдешсиз маданий көпүрөлөрдү курдук, жалпы маданиятыбызды бүткүл дүйнөнүн булуң-бурчуна алып чыгып, ийгиликтерибизди туу чокуга чыгардык, кайгы жана кубанычыбызды тең бөлүштүк. Мен бүгүн зор сыймыктануу жана үмүт менен өз милдеттеримди тапшырам»,-деп айтты.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп дайындалган Султан Раев, бүгүн ТҮРКСОЙдун тарыхында маанилүү күн экенин белгилеп, бир салтты татыктуу аткаруу менен түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтыгынын жаңы барагын ачышканын айтты.

Раев: «Биздин кызматташтыгыбыз дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө да чоң салым кошту.Убакыттын өтүшү менен ТҮРКСОЙ маданият тармагындагы кызматташуубуздун брендине айланып, дүйнө жүзү боюнча кадыр-баркка ээ болду»,-деп айтып , алардын уюму келерки жылы 30 жылдык мааракесин белгилей турганын билдирди.

Чавушоглу: «ТҮРКСОЙдун баш катчысы Раевге ар кандай колдоо көрсөтүүнү улантабыз»

Тышкы иштер министри Чавушоглу аземде сүйлөгөн сөзүндө: «ТҮРКСОЙдун түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу Исмаил Гаспыралынын сөзү менен айтканда, тилде, пикирде жана иште биримдик идеалы үчүн абдан маанилүү кызматтарды аткарган бир мекеме. Түрк дүйнөсүн дагы бир жолу бириктирип, цивилизациябызды келечек муундарга өткөрүп жатат, түрк маданиятын бүт дүйнөгө таанытууда»,-деди.

Чавушоглу 2008-жылдан бери башкы катчылык милдетин ийгиликтүү аткарып келген Дүйсен Касеинов бүгүн Султан Раевге желекти тапшырганын айтты.

Чавушоглу, башкы катчылык кызматы бүтсө да Касеиновдун түрк дүйнөсүнө кызматы бүтпөй турганын, тажрыйбалары менен түрк дүйнөсүнө кызмат кылууну улантаарынан эч күмөн санабагандыгын белгиледи.

Раевдин мурда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) орун басарлык кызматын ийгиликтүү аткарганын эске салган Чавушоглу : «Султан Раевдин журналист, бюрократ, министр жана эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы менен ТҮРКСОЙго чоң салым кошо турганына ишенебиз. Максат бийик экенин билебиз, бирок алган желегин бийиктиктерге алып чыга турганына ишенебиз. Биз ага ар тараптан колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Эрсой: «Эң маанилүү нерсе түрк маданиятын келечек муундарга түбөлүккө өткөрүп берүү»

Маданият жана туризм министри Эрсой түрк маданиятын коргоо жана дүйнөгө таанытуу максатында түзүлгөн ТҮРКСОЙдун чоң чынар болуу үчүн абдан маанилүү кадамдарды таштаганын түшүндүрдү.

Эрсой акыркы жетишкендиктери жана 14 жыл аркалаган кызматын тапшырган Дүйсен Касеиновго ыраазычылык билдирип: «Бул уюм аркылуу жараткан синергетика, биримдик жана тилектештик абдан баалуу. Бул бизге дем берет. Маанилүү нерсе түрк маданиятын элдерибизге жана келечек муундарга өткөрүп берүү, булар да биз үчүн абдан баалуу»,-деп айтты.

Түрк коомдору катары маанилүү иштерди аткаргандарын белгилеген Эрсой, жаңы баш катчынын абдан маанилүү милдеттери бар экенин, Султан Раевдин желекти мындан ары да жогору көтөрөөрүнө ишенгендерин айтты.

Эрсой Түркия катары ТҮРКСОЙго керектүү ар бир тармакта колдоо көрсөтө тургандарын, чекти дагы да бийик көтөрө турган ТҮРКСОЙдун баш катчысы Раевге ишенгендерин айтты.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин өткөрүлгөн тапшыруу аземи менен Касеинов ТҮРКСОЙдун башкы катчысылык кызматын Султан Раевге өткөрүп берди.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп шайланган Раевдин өмүр баяны

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп шайланган Султан Раевдин өмүр таржымалы менен бөлүштү.

Кыргызстандын Министрлер кеңеши жарыялаган өмүр баянда ТҮРКСОЙдун Маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин Бурса шаарында өткөн кезексиз жыйынында бир добуштан ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп шайланган Раев Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылында 1958-жылы 13-июлда туулган.

Раев 1984-жылы Кыргызстан мамлекеттик университетинин (КМУ) журналистика факультетин бүтүрүп, 1977-1979-жылдары аскердик милдетин өтөгөн.

Эмгек жолун 1979-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинде баштаган Раев 2002-жылга чейин ар кайсы мамлекеттик гезиттерде кабарчы, башкы редактор болуп иштеген.

2002-2020-жылдары Раев ошол мезгилдеги өкмөттө, билим берүү жана маданият министрликтеринде иштеп, ар кандай комиссиялардын төрагасы, министрдин орун басары жана министр болгон.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп шайланганга чейин Раев 2020-жылдан бери Түрк Мамлекеттери Уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп келген.

Раев Кыргызстанда маданият жана мамлекеттик ишмер катары белгилүүү

Кыргызстанда көптөгөн аңгеме, повесть, драма, поэмаларды жазганы менен таанылган, 14 мамлекеттик, фонддук жана эл аралык сыйлыктардын ээси Раевге 2011-жылы «эл жазуучусу» наамы ыйгарылган.

Раев, «Чаң жол» (1988), «Күн кармаган бала» (1991), «Ханышанын көз жашы» (2008), «Аптанын бешинчи күнү» (2011), «Таажы» (2012), «Буктурма» (2019) аттуу аңгемелерди, «Жаназа» (2013) ), «Кара» (2015) , «Аптанын бешинчи күнү» (2017), «Топон суу» (2018), «Жиндикана» (2018) аттуу романдарды, «Ох, кыздар» (1990), «Күн кармаган бала» (1990), «Дубал» (1992), «Аял» (1993), «Кашар» (1998), «Мен даярмын» (1999), «Исхак Раззаков» (2000), «Ханышанын көз жашы» (2001)  «Меккеге карай узак жол» (2011), «Суфлер» (2015), «Жырткыч куш» (2016) аттуу пьесаларды жазган.

«Курманжан-Датка», «Соңку күн», «Ага» жана «Аял» тасмаларынын сценарийин жазган Раев 2016-жылы «Антистандарт» аттуу ыр китебин чыгарган.

Раев 2021-жылы Казакстандын президенти тарабынан «Биримдик» медалы менен сыйланган.

ТҮРКСОЙ түрк маданиятын келечек муундарга жеткирүү үчүн иштеп жатат

Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу ТҮРКСОЙ 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери кол койгон келишим менен түзүлгөн.

ТҮРКСОЙ уюшулгандан бери түрк элдеринин биримдигин, бир туугандыгын чыңдоо, орток түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү жана дүйнөгө таанытуу багытында иш жүргүзүп келет.



Тектеш кабарлар