Израилдин АКШга алып келген чыгашасы

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн баамдоосу.

1127527
Израилдин АКШга алып келген чыгашасы

АКШнын глобалдык саясатына каралганда принциптик деңгээлде көптөгөн сындар сөз болсо да бул саясаттын кызыкчылыкка индекстүү бир рационалдуулук экендиги байкала алат. АКШнын Жакынкы Чыгыш саясатына карала турган болсо принциптүүлүктү бир тарапка таштап, өз өлкөсүнүн Америка калкынын пайдасына карата  саясаттын жүргүзүлгөндүгүн айтуу да мүмкүн эместей.

Бүткүл дүйнө элдеринин каршы чыгышына, БУУдагы добуш берүүдө бир канча өлкөнүн тышында жалгыз калганына карабастан АКШнын Кудсту Израилдин борбор шаары катары кабыл алуу чечими Америка калкына принциптик деңгээлде жана материалдык жактан кандай пайда алып келиши мүмкүн?

Сирияда АКШнын эмне аткарууну каалагандыгына, максатынын эмне экендигине байланыштуу бир маалымат бериши сөз боло алабы?

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн баамдоосу.

Өзү тарабынан да террордук уюм деп кабыл алынган ПККнын Түркиянын Сириядагы уландысы катары көргөн ЙПГге ачык колдоосунун бир ачыктоосу болобу?

Түркияга коркутуу...

Акыркы болуп АКШнын президенти Трамп террордук уюм ЙПГни ата турган болсо  экономикасына оор жоготуу берүү менен Түркияны коркутту.

Албетте Түркия АКШнын коркутуусуна моюн сунуп, чек арасында бир террордук уюмга уруксат бербейт. Ондогон жылдардан бери өзүнө жана жарандарга каршы бардык террордук кыймылдарды колдонгон бир уюмдун чек арасында мамлекет болушун карап тура албайт. АКШнын ачык түрдө коркутуу тилегине карабастан Түркиянын негизги максаты аймагындагы террордук уюмдар болгондуктан АКШга каршы сезимталдуу мамиле кылууда. Бирок Түркия чарасыз эмес. Керек болсо АКШ менен бардык карым  - катнаштарды карап чыгып бир процессти баштата алат. Түркия түбөлүктүүлүк үчүн ачыкча коркунуч туудурган бир процесске тоскоол болуу үчүн эгерде муктаж боло турган болсо АКШ менен бардык карым  - катнаштарды акырына чыгаруу да болуп, албетте бардык чараларды карап чыгат. Түркия эми мурунку Түркия эмес.

 АКШнын Жакынкы Чыгышта иррационалдуулуктун рационалдуулугу барбы?

Бул жерде АКШнын Жакынкы Чыгышта эмне себептен принциптик жана материалдык жактан өзүнө пайда алып келбеген, иррационалдуу бир саясат жүргүзгөндүгү эске келүүдө. Кудс чечиминде болгондой эмне себептен бүткүл дүйнө калктары каршы чыгууда?

Түркияны толугу менен жогото тургандыгына карабастан өзү да террордук уюм катары тааныган ПККнын Сириядагы уландысын ондогон жылдан бери союздашы катары көргөндүгү, НАТО мүчөсү катары бир топ өлкөдө бирдикте бир сапта орун алган Түркияга каршы колдоого алууда.  Эмне себептен көчөдөгү түрктөр, араптар жана күрттөр тарабынан ачыкча өздөрүнө кол салуу катары көрүлө турган бир тилди колдонууда?

Террорго ачык колдоо менен аныкталган бир АКШ түшүнүгүн эмне себептен өз колу менен жаратууда? АКШ булардын баарын эмне себептен жасап жатат?

Израиль фактору

АКШ тарабынан булардын баарына байланыштуу ДЕАШ жана борбору Иран болгон маалыматтар берилип жатат. Бирок бул маалыматтардын эч бири канаатандырарлык эмес.

АКШнын иррационалдык саясаттарына каралганда аймагыбызда жалпысынан Израиль тууралуу маселеде ушундай абалдардын  болгондугу байкалат. АКШ Израиль тууралуу темаларда өз пайдаларын да бир тарапка таштаган  иррационалдуулукка ээ. Израиль сөз болгондо АКШнын акылга сыйбаган саясатынын эч шексиз АКШга да Израилге да сионист болбогон еврейлерге да оор чыгаша алып келүүдө.

Израилдин АКШга алып келген чыгашасы:

АКШ чыгымынын жокко чыгарылышы : заманбап доорлордо бат  - бат тышкы саясатынын улуттук кызыкчылыктар үчүн жасалгандыгы айтыла алат. Израиль сөз болгондо АКШ өз кызыкчылыктарынан баш тартып жатат.

Адилеттик, эркиндик, адам укуктары сыяктуу дүйнөлүк баалуулуктар жана тынчтыкты жактаган бүткүл дүйнөдөн адамдардын каршы чыгышы : Израилдин баскынчы жана кол салуучу саясаттарынын шартсыз түрдө колдоого алынышы, табигый түрдө бардык адамзаттыктын эсинде калып жатат жана АКШга каршы чыгууну  арттырууда.

Аймак өлкөлөрүнүн, аймак адамдарынын каршы чыгышы : Жакынкы Чыгышта бир гана Израилге индекстелген бир саясатты жүргүзүшү, аймак өлкөлөрүнө каршы коркутуучу бир тилдин колдонулушу, өлкөлөр үн чыгарбаса да аймак калктарында ашыкча бир каршы чыгуулар болууда.

Израиль сөз болгондо АКШнын тышкы саясатынын көз карандысыздыгын жоготуусу Израилди дагы кол салуучу абалга алып келиши: АКШнын Израилге карата акылга сыйбаган кыймылы жана колдоосу Изриалдин токтотулушу керек болгон баскынчы, кол салуучу жана геноцидге барган саясаттарын арттырууда.

Антисемитизмдин артышы: Израилге берилген шартсыз колдоо, Израилдин арткан кол салуулары жана адамзаттык тышы кыймылдары дүйнөдө арткан антисемитизмдин эң негизги себептеринин бирөөсү. Эч шексиз расизм кимге карата боло турган болсо болсун жана кайдан келсе келсин эч качан кабыл алынбайт.

Израилдин коопсуздук рискин арттырышы: АКШнын Израилге шартсыз колдоосу негизинен Израилдин коопсуздугуна да салым кошкон эмес, коопсуздук коркуусун дагы да тереңдеткен бир саясат көрүнүшүндө. Дагы ылайыктуу саясаттарды жүргүзгөн бир Израиль аймакта дагы аз каршылыктарды алат. Өзүн кыска жана узун мезгилде, Израилди болсо узун мөөнөттө ачыкча жоготууга учураткандыгына карабастан АКШ Израилге берген бул иррационалдуу колдоосун шартсыз түрдө улантууда. Бул маселе башка бир тема. Азырынча Израиль лоббсинин болгон күчүнө жана бурмаланышына карабастан АКШда баарынын бул иррационалдуу саясатты, дүйнөнүн эң күчтүү өлксөнүн кичинекей бир өлкөнүн артынан жетеленишин колдобогондугун белгилөө менен калалы.

   

 



Тектеш кабарлар