Кипр Тынчтык Кыймылы

Кипр Тынчтык Кыймылына кеткен процессте алдыңкылык дипломатия болду

1015697
Кипр Тынчтык Кыймылы

Кипр Тынчтык Кыймылына кеткен процессте алдыңкылык дипломатия болду

Түркия Кипр Тынчтык Кыймылында оболу эл аралык келишимдердин негизинде кепил өлкөлөр жана аралдагы лидерлердин атынан дипломатиялык  демилгелерге алдыңкылык берди.

Түркия Кипр калкын эркиндик, тынчтык жана бейкуттукка жеткирүү максатында 44 жыл мурда ишке ашырган Кипр Тынчтык Кыймылына кеткен процессте эл аралык келишимдердин негизинде кепил өлкөлөр жана аралдагы лидерлердин атынан дипломатиялык демилгелерге алдыңкылыкты берди.

Дипломатиялык аракеттердин жоопсуз калышы менен түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 1974 -  жылы 20 -  июлда башталган кыймыл аралга тынчтыкты алып келди.

Кыймылдан мурда Кипрдеги абал

Түркия менен Греция 1959 -  жылы 11 -  февралда кабыл алган, Британия менен Кипрдеги эки коомдун лидерлеринин да бекитүүсү менен Цюрих жана Лондон келишимдери, көз карандысыздык, эки коомдун өнөктөштүгү, коомдук тармакта автономиялуулук жана маселенин чечилиши Түркия, Греция жана Британия тарабынан таасирдүү кепилдик принциптерине таянып жаткан.

Аралдын эки калкынын ортосунда өнөктөштүктү негиз кылып алган эл аралык изилдөөлөр боюнча 1960 -  жылы «Кипр Республикасы» курулду жана конституцияда аралдагы кипрдик түрк жана рум калктарына  бирдей саясий укук жана статус таанылды.

Ушуга карабастан Кипр рум тарабы Кипр түрктөрүн мамлекеттик мекемелерден четке кагуу, изоляциялоо, аралдагы жашоосун жок кылуу жана Греция менен биригүү жолун ачууга карата аракеттерде болду.

Кипр республикасы кипрдик румдардын 1963 -  жылы бир тараптуу күч колдонуу менен конституцияны бузгандан кийин жоюлду.

ЕНОСИС максатына жетүү үчүн куралданган румдар Греция менен 1974 – жылга чейин Кипр түрктөрүнө кол салуу, кысым жана зулумчулукту күчөттү.

Кыймылды  керек кылган процесс

Кипр түрктөрүнүн 1960 – жылы курулган өнөктөштүк мамлекетинин башкаруусунан алыстатылуусу менен Кипр румдарынын арасында пикир айырмачылыктары белгилүү боло баштады.

ЕОКА мүчөлөрүнүн арасында ортого чыга баштаган пикир айырмачылыктары Түркиянын кийлигишүүсүнөн тартынган жана түрктөрдү экономикалык жол менен жок кылууну каалаган рум лидер Макариос жана ылдам түрдө жыйынтыктын алынышын каалаган мурунку хунтачыларды камтыган ЕОКА –Б мүчөлөрүнүн бири бирине карама – каршы келишине жол ачты.

Грек хунтасынын колдоосу менен 1974 -  жылы 15 -  июлда ЕОКА лидери Никос Сампсон аралды Грецияга каратуу максатында Макариоско каршы козголоң чыгарып бийликти кыска убакта колго алды. Ушундайча Кипрдин эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө кийлигишүү болгон болду.

Түркиянын кыймылды баштагандан мурунку дипломатиялык демилгелери

Түркия 1960 -  жылдагы кепилдик келишиминин алкагында оболу методго байланыштуу милдеттерин орундатуу үчүн кыймылга өттү.

Ушунун негизинде 1974 -  жылы 17 – 18 -  июлда Британия менен Түркиянын ортосундагы козголоңдон кийин таштала турган кадамдарга карата Лондондо сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Бул сүйлөшүүлөрдө кепил өлкө сыпаты менен Греция да чакырылды бирок Грециядагы хунта башкаруусу сүйлөшүүлөргө катышкан жок.

Мезгилдин премьер  - министри Бүлент Эжевит менен Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Каллахандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Британияга биргеликте кийлигишүүнү сунуштады.

Түркия Британиянын тескери жооп бериши менен Кепилдик келишимине таянып жана аралдагы түрктөрдүн коопсуздугуна да көңүл буруу менен 1974 -  жылы 20 -  июль күнү Кипр Тынчтык Кыймылын баштады.

Ушундайча Кипрдин Грецияга карата аннекциясынын жолу тосулган болду жана Кипр түрк калкы ишеним алдына алынды.

Түрк Тынчтык Кыймылы ошол эле учурда Грецияда хунта башкаруусунун да акырына чыгышы болду жана өлкөгө демократия алып келинди.

Кыймылдын экинчи баскычынан мурда да дипломатиялык аракеттер жүргүзүлдү

Түркия 1974 -  жылы 20 -  июлда БУУнун Коопсуздук кеңешинин 353 -  чечими менен Британия жана Грецияга «тынчтыктын кайрадан түзүлүшүнө карата сүйлөшүүлөрдү баштоого» чакырды.

Ушул боюнча үч кепил өлкө 1974 -  жылы 25 – 30 -  июль күнү Женевада чогулуштарды өткөрдү жана үч кепил өлкөнүн тышкы иштер министрлери 1974 -  жылы 30 -  июль күнү Женева декларациясына кол койду. Бул декларацияда Греция жана кипрдик румдар тарабынан басылып алынган түрк жерлеринин чукул түрдө бошотулушу жана аралда тынчтыктын, конституциялык тартиптин кайрадан курулушу тышкы иштер министрлеринин ортосунда сүйлөшүлүшү күтүлүп жаткан.

Өзгөчө декларация менен аралда Кипр түрк коому менен Кипр рум коому болуп эки автономиялуу башкаруу принцип катары таанылды.

Греция конференциясын 9 -  августта баштаган экинчи баскычында  аралда жаңы конституциялык тартиптин курулушуна карата бардык сунуштарды четке какты жана конституцияга байланыштуу түзүлө турган макулдашуу үчүн түрк бөлүктөрүнүн чегинишин алдыңкы шарт катары ортого салды.

Грециянын «1960 -  жылы болгондой эч бир чечүүчү жолду кабыл албай тургандыгын» белгилеши менен конференция 14 -  августта жыйынтыксыз калды жана Кипр Тынчтык Кыймылынын экинчи баскычы башталды.

Кыймылдын ийгиликтүү жыйынтыкталышынан кийин 1975 -  жылы 13 -  февралда  Кипр түрк федералдык мамлекети курулду. Парламентте чыгарылган чечим менен 1983 -  жылы 15 – ноябрда болсо Түндүк Кипр Түрк Республикасы курулду.

 



Тектеш кабарлар