Индия ОшМУнун ортосунда кызматташтык

Индия тарап ОшМУнун медициналык клиникасынын базасында гемодиализ борборун ачууга кызыктар

490700
Индия ОшМУнун ортосунда кызматташтык

Иш сапардын алкагында делегациянын курамы Индиянын Дели жана Мумбай шаарларында жайгашкан ооруканалардын жетекчилери менен жолугушууларды уюштуруп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында Индия тарап ОшМУнун медициналык клиникасынын базасында гемодиализ борборун ачууга кызыктар экендиктерин билдиришти. Аны менен бирге дарыгерлер, окутуучулар, ординаторлорду кыска мөөнөттүү 3 айдан 6 айга чейин онкология, радиология, стоматология жана индиялык элдик медицина боюнча окутуу тууралуу макулдашуулар болду. Ошондой эле индиянын ооруканалары студенттерди жайкы өндүрүштүк практикага кабыл алууга даяр экендиктерин айтышты.

Үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда ОшМУга Индия тараптан атайын делегация келип, гемодиализ борборун ачуунун перспектикалары боюнча жеринде сүйлөшүүлөр жүрүүсү пландаштырылды.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Индиянын бир нече шаарларында эмгектенип жатышкан медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн иштөө шарттары менен таанышып, менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу маалыматты делегациянын курамында барган ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов билдирди.



Тектеш кабарлар