Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөргө таанытуу башкы максатым (Видео)

Кыргызстандын эстрада жылдызы, КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Анкарада “Рамазан кечтери” саамалыгына катышты.

979812
Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөргө таанытуу башкы максатым (Видео)

 Кыргызстандын эстрада жылдызы, КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Анкарада “Рамазан кечтери” саамалыгына катышты.

Түркиянын Анкара шаарында өткөн 9-Эл аралык Рамазан кечтеринин алкагында Кыргызстандын маданият күнү өттү.

Анкаранын Кечиөрен муниципалитети жана КР Түркиядагы элчилиги уюштурган иш чарага Кыргызстандын атынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын өнөр адамдары келген.  

КР Түркиядагы элчилигинин чакыруусу менен келген Самара Каримова да концертке өзгөчө шаң кошту.

Кыргыз эстрада ырчысы Анкарага өзгөчө даярдык менен келип, алгач Ата Мекенинен алыста жүргөн кыргыз мекендештерине арнап патрироттук ырларды аткарды.

Кармиованын кийинки ыры да мекендештерине арналып, КР Түркиядагы элчиси, КРнын эл артисти Ибрагим Жунусовдун обонуна жазылган “Издебечи” атуу ырын аткарды. 

Кыргыз ырчысын ырларын Анкаралыктар өзгөчө кубаныч менен тосуп алды. Өзгөчө түрк тилинде аткарылган “Чиле бүлбүлүм чиле” аттуу ыры көрөрмандардын купулуна толуп турду.

 Андан соң кыргыз ырчысы ТРТнын “Түркия үнү” радиосуна жана сайтына эксклюзивдүү интервью берип, Анкарада болгон иш-чара, Түркияга болгон сапары жана чыгармачылыгы тууралуу кеңири сүйлөп берди.

Самара Каримова Түркиянын Анкара, Стамбул сыяктуу ири шаарларын да кыдыра тургандыгын белгиледи. (Видео)



Тектеш кабарлар