Чынар Капарова ТРТга келгенде

Чынар Капарованын ТРТга келгендеги маеги.

155732
Чынар Капарова ТРТга келгенде


Урматту окурмандар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) «Ала- Тоо» жаңылыктарынын алып баруучусу Чынар Капарова менен маектешип отурабыз.

-Чынар айым Түркиянын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын «ТРТ- Аваз» каналында иш тажрыйбасын алмашуу үчүн келдиңиз эле, 3 айлык сапарыңыз аяктап калыптыр, ушул сапар кандай жаңы нерселерди жаратты?

- Рахмат. Биринчиден бизди абдан жылуу кабыл алган Түркия тарапка, Түркиянын ушул ТРТ мекемесине чоң ыраазычылык билдирип кетем, жетекчилигине, биз менен чогуу иштешкен кызматкерлерине ыраазычлык билдирип терең таазим айтам. Себеби дегенде алыскы жерден келип бири- бирибизди тааныбасак дагы бир туугандай болуп мамилелерибиз түз болду, үч ай үч күндөй болуп өтүп кетти. Демек биздин мамлебиздин жылуулугу, тилибиздин, динибиздин бирлиги ушул күндөрдү абдан бат өткөрүп жиберди да.
      - Абдан жакшы. ТРТда өзүңүздүөрдүн студияда    көрбөгөн кандай жаңы нерселерди көрдүңүз?
      - Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кызматкерлери катары келдик, бул мамлекеттик     компаниябыз Кыргызстандагы эң чоң радиотелевидениянын бири, узун тарыхы бар. ТРТ дагы тарыхы, жашы боюнча бир аз айырмасы болбосо тең тайлаш деп айтсак болот. Бирок өнүүгүүсү жагынан, техникалык жетишкендиги жагынан албетте ТРТынын бул мүмкүнчүлүктөрүнө жетиш биздин келечектин иши. Ал эми биз келип аткан ТРТ –Аваз жаңыдан чыгып, элге таанылып анан кийин иштегенине мына аз эле убакыт өтсө дагы, баягы Түрк калкынын максатын бириктирүү максатындагы өзүнүн максаттарын аткарып келе жатат. Биз дагы кыргызстандыктар түрк элин, түрк тарыхын, баардык каада- салт маданиятын таанытуу максатында ушул жерге келип, тажрыйба алмашып, биз билген нерселерди түрк кесиптештерине айтып, кыскасы бир-бирибиз менен баарлашуу өз нугунда жүрүп жатат. Албетте айырмачылык асман менен жердей.
- Мисал үчүн кандай айырмачылыктар бар экен?
- Мисалы үчн биз ТРТ –Аваз каналында маалымат жагында иштедик, ал жерде маалыматтан тышкары маданий, социалдык программалары дагы бар, маалымат жагын айта турган болсок ТРТ-Хаберге Аваздын кабарларын салыштыруу мүмкүн эмес. Анткени Авазда түрк жумуриятын Орто Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттеринин кабары басымдуулык кылат, ал эми ТРТ-Хаберде болсо дүйнө жүзүндөгү кабарлар берилип турат, бул жагынан алганда биздин коомдук телерадиокомпаниясына салышырмалуу ТРТ – Аваздын маалыматтары бир аз уттурат, ал эми ТРТ-Хабердикине биздин КТРКнын маалыматтык бөлүлүмүнун иштери бир аз жеңилип калат деп айтса болот.
- Ушул жерде иштеген кызматкерлер кандай экен? Кандай мамиле кылышты?
- Бул жердеги кызматкерлер өздөрүнүн билим деңгээлине жараша иштейт экен, баардыгы билимдүү, өз ишин билген адамдар, маданиятту калк экен. Анкара шаары өзү борбор калаа болуп, бул жерде соода сатыкка караганда баягы маданий көз караштагы адамдар көп кездешет экен. Ошон үчүн бул жер абдан тынч, маданиятту калктын мекени, демек ТРТ мекемесинде иштегендер дагы өтө маданияттуу адамдар экен. Бул жерде өзүн билген, өзүнүн ишине жакшы мамиле кылган, ишин абдан түз аткарган инсандар көп экен, биз ошого кубанычтуубуз, анан албетте техниканын жетишкендиги,биз баш багып чыктык, ТРТдагы техникалык мүмкүнчүлүк – бул Европадагы эң күчтүү маалымат кабарларынын борбору десем адашпайм. Анда ТРТ- Хабердеги техникалык мүмкүнчүлүкө биздин КТРКнын жетишишине көптөгөн жылдар бар болуш керек, албетте баары каражатка барып такалат, эгерде каражат маселеси чечилсе КТРКнын маалыматтары бүгүнкүдөн дагы ыкчам, так, сапатту иштегенге жетишет эле.
- Сизде үч айлык сапарда кызыктуу окуялар болдубу?
- Албетте! Бул 3 айлык убакыт 3 жылга тете болду анткени адам болгондон кийин мекениңди, жакындарыңды сагынат экенсиң, ал эми 3 ай- 3 күн эле болгондой болду дегеним кылган мамилердин жылуулугу, досторду тапканыбыз. 3 айдын ичинде көп күлкүлүү окуялар болду, мисалы биз түрк тилдүү өлкө болгонубуз менен, тилди жакшы билбейт элек, бир сөздүн мааниси бизде башкача болсо, буларда башкача, ушул жагынан абдан күлкүлүү окуялар болду. Ушул сапарыбызда Анкара шаарын гана көрбөстөн жер жерлерди кыдырганга да аракет кылдык, бир окуябыз ушул Кападокия тарыхый жерде болду. Кесиптештер менен жер астындагы шаарды көрүү үчүн кирип, анан мен кесиптештериме айтып атпайымбы- «мына мобул жер абдан караңгы зындан экен, келгиле кирели бул жерге», - деп, «тигине нары жакта ушул жердин ээси келатат »- десем баары эшикке качкан бойдон чыгып кетиши, ошол жактан аябай күлдүк. Мындай билбеген жерге келгенден кийин бири- бирибизди тамашага салып ойноп- күлүп жүрдүк. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтаар элем: менин сыймыктанганым ошол Түркиянын баш калаасында жайгашкан, бүтүндөй түрк жумуриятына кызмат кылган ТРТда биздин кыргыз мекендештери иштеп жатканына мени абдан сүйүндүрдү, мен кубанычтамын. Анткени ошол кыргыз мекендештердин аркасы менен кыргыз жаңылыктары, кыргыз тили дүйнөгө таанылып атат. Кыргыз деген эл бар экен, кыргыз тили мобул экен деп, биздин мекендештер иштеп таанылтып атканына абдан сыймыктанам. Сизге Алмаз байке өтө терең ыраазычылыгымды билдирип кетем, сиз башында турган Түркия радиосундагы кыргыз кызматы дагы көп жаңылыктарды даярдап, керек болсо интернет аркылуу чагылдырып маалыматтын баарын дүйнөгө таанытып атасыңар, сиздерге кыргыз элинин атынан терең таазим!
- Чоң рахмат маегиңизге, сизге да ийгилик каалайбыз!


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар