«Түрк маданият жолу фестивалы» уланууда

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Самсун маданият жолу фестивалынын ачылышы үчүн Самсун музейинде өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2150340
«Түрк маданият жолу фестивалы» уланууда

Дүйнөнүн эң чоң жана эң кеңири масштабдуу фестивалы болгон «Түрк маданият жолу фестивалы» уланууда.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Самсун маданият жолу фестивалынын ачылышы үчүн Самсун музейинде өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Эрсой Дүйнөлүк туризм уюмунун маалыматына караганда Түркиянын бүгүнкү күндө эң алдыңкы беш туризм өлкөсүнүн бири экендигин айтты.

Бул жогорулоонун бир гана туризм менен эле чектелбестигине көңүл бурган Эрсой : «Рекордго жеткен  көрүүчү жана өкүл саны менен  сыйлыктары жана экспорттук ийгиликтери менен  концерттерден көргөзмөлөргө, театр, опера жана балет,  кинодон сериал индустриясына чейин Түркия желисогуп жатат»,- деди. 

Маданият жана туризм министри буларды да белгиледи : «Түркия маданият жол фестивалы бардык бул жетишкендиктердин натыйжасы болгон жана аларга салым кошуу менен үзгүлтүксүздүктү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан бир долбоор. Бул дүйнөдөгү эң чоң жана кеңири масштабдуу фестиваль».

 

 



Тектеш кабарлар