Варшава элчилигинде түрк эрте мененки тамагы таанытылды
Түркиянын Варшава элчилигинде Дүйнөлүк эрте мененки тамактануу күнүнүн негизинде түрк эрте мененки тамагы таанытылды.
![Варшава элчилигинде түрк эрте мененки тамагы таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3576/91c4/8a36/6661b68ab0f46.jpg?time=1722042644)
Түркиянын Варшава элчилигинде Дүйнөлүк эрте мененки тамактануу күнүнүн негизинде түрк эрте мененки тамагы таанытылды.
Польшанын маданият, туризм жана гастрономия журналисттери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана дипломатиялык миссия башчылары катышкан иш-чарада Түркиянын Варшава элчилиги түрк эртең мененки тамак маданиятын таанытты.
Элчи Рауф Алп Денкташ иш - чарада сүйлөгөн сөзүндө дүйнөнүн эң белгилүү ашканаларынан биирне ээ болгон Түркияда эрте мененки тамактын тамактануу салтынын «эң негизги» тамагы катары каралгандыгын белгиледи.
Элчи Денкташ иш - чаранын негизинде улуттук басма сөзгө берген маегинде да туура тамактанууну негиз кылып алган түрк эрте мененки тамагынын негизги өзгөчөлүгүнүн тууган – туушкан, дос жана коңшулар менен бөлүшүү жана чогулуу себеби катары каралышы экендигин белгиледи.