АКШда Түрк күнү фестивалдары өткөрүлдү

Түрк Америка Улуттук башкаруу комитети (TASC) тарабынан уюштурулган 3 күнгө созулган программаларда көркөмдүү көрүнүштөр болду.

2149181
АКШда Түрк күнү фестивалдары өткөрүлдү
abd turk gunu festivalleri.jpg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) түрктөр жыш жайгашкан штаттарынын башында турган Нью-Жерси жана андан кийинки Пенсильваниянын Филадельфия шаарында «Түрк күнү фестивалдары» өткөрүлдү.

Түрк Америка Улуттук башкаруу комитети (TASC) тарабынан уюштурулган 3 күнгө созулган программаларда көркөмдүү көрүнүштөр болду.

Түрк маданиятын АКШда тааныткан жана түрк коомчулугунун түрк музыкасына, искусствосуна жана тамак-ашына сагынычын канааттандырган иш-чаралар чоң кызыгууну жаратты.

Иш-чараларга элчи Ахмет Йылдыз, Нью-Йорктун башкы консулу Рейхан Өзгүр, TASC башчысы Сейид Шахин жана Patterson Clifton Turkish American Day Parade фестивал комитетинин төрагасы Өмер Демиржан катышты.

Үч күндүк программаны Вилма Эллес алып барды.

АКШда жашаган жана Түркиядан барган музыканттар менен ырчылар Зийнет Сали, Жем Тарым, Волкан Киримлиоглу, New York Gypsy All Stars оркестри, Илхан Сефил, Угур Жан Курт, Мелих Акчай өз өнөрлөрү менен көрүүчүлөргө унутулгус көз ирмемдерди тартуулашты.



Тектеш кабарлар