Японияда түрк ашканасы күндөрү

Япониянын борбор шаары Токиодо эки өлкөнүн дипломатиялык карым - катнаштарынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында түрк ашканасы таанытылууда.

2125737
Японияда  түрк ашканасы күндөрү
japonya'da turk mutfagi gunleri.jpg

Япониянын борбор шаары Токиодо эки өлкөнүн дипломатиялык карым - катнаштарынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында түрк ашканасы таанытылууда.

Түркия  - Япония дипломатиялык карым-катнаштарынын 100 жылдыгына байланыштуу 2024 - жылы эки өлкөнүн ортосунда маданий жана искусство иш-чаралары уюштурулууда. 

Ушунун негизинде Түркиянын Токио элчилиги борбор шаардагы Imperial мейманканасында "Түрк ашканасы күндөрү" өткөрүлүүдө.

Түркия ашчылар жана шефтер федерациясынын төрагасы Байрам Өзерк  иш  - чара өткөрүлгөн мейманканадагы ресторандын алдында Токиого биринчи жолу келгендерин, түрк ашканасын толугу менен таанытууну максат кылгандарын айтты. 

Иш-чарага жогорку деңгээлде катышуу болгонун жана түрк тамактарынын жогору бааланганын айткан Өзрек түрк ашканасында өзгөчө классикалык тамактардын жактырылгандыгын белгиледи.  

Өзерк  шорпо, тамак-аш,  десерт, закуска жана салаттар болгон 25 түрдөгү ингридиенттин жактылыгандыгын айтты.

«Түрк ашканасы күндөрү» 30 - апрелге чейин уланат.

 

 



Тектеш кабарлар