Элчилик мекендештер үчүн ооз ачуу программасын уюштурду

Ооз ачууга Анкарада жашап, иштеген кыргыз жарандары менен студенттер катышты.

2122751
Элчилик мекендештер үчүн ооз ачуу программасын уюштурду
Kırgızistan Büyükelçilik iftar programı 2.jpg
Kırgızistan Büyükelçilik iftar programı 3.jpg

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги Анкаарадагы мекендештер үчүн ооз ачуу программасын уюштурду.

Ооз ачууга Анкарада жашап, иштеген кыргыз жарандары менен студенттер катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарымдуу элчиси Руслан Казакбаев мекендештерге кайрылуу жасап, ыйык Рамазан айындагы тилектери кабыл болуусун жана окуп жүргөн студенттердин окууларын ийгиликтүү бүтүрүп, үйрөнгөн жаңы технологияларын Кыргызстанга барып жасап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусун каалады.

Ооз ачуу программасына келген проф.Гүлзура Жумакунова айым да өз сөзүндө элчиликке ыраазычылык билдирип, окуучуларга ийгилик каалады жана өзү жазган Түркчө-Кыргызча сөздүктүн бир нускасын элчиге тапшырды.

Кырыз эл коомунун төрагасы Тимур Такабаев өз сөзүндө буга чейинки жылдарда элчилик мекендештер үчүн ооз ачуу программасын уюштурбаганын айтып, ыраазычылыгын билдирүү менен бул болсо өлкөдө болуп жаткан өнүгүүнүн белгиси экенине шилтеме кылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө комузчулар Насиба Калмаматова менен Гүлира Касымкулова ыр ырдашып, түркиялык манасчы Осман Шахин «Манас менен Коңурбайдын сайышынан» үзүндү айтып мекендештерге жылуу маанай тартуулашты.



Тектеш кабарлар