Орусиядагы кол салууда 100дөн ашуун адамды сактап калган кыргызстандык мусулман жигитке сыйлык

Орусиянын Балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белова аземде теракт учурунда көрүүчүлөрдү эвакуациялоого көмөктөшкөн 15 жаштагы Халиловго «Жабырлануучуларга жардам көрсөтүүдө берилгендик, жигиттик жана жеке эрдик үчүн грамота» менен сыйлады.

2120897
Орусиядагы кол салууда 100дөн ашуун адамды сактап калган кыргызстандык мусулман жигитке сыйлык

Орусиянын борбору Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактта 100дөн ашуун адамды куткарып калган 15 жаштагы кыргызстандык мусулман бала Ислам Халиловго «Эрдик» сыйлыгы ыйгарылды.

Орусиянын Балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белова аземде теракт учурунда көрүүчүлөрдү эвакуациялоого көмөктөшкөн 15 жаштагы Халиловго «Жабырлануучуларга жардам көрсөтүүдө берилгендик, жигиттик жана жеке эрдик үчүн грамота» менен сыйлады.

Ал эми Орусия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана Орусиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин баатыр жаш Халиловду көрсөткөн эрдиги жана элди сактап калгандыгы үчүн Орусия мусулмандарынын «Кызмат медалы» менен сыйлай турганын билдирди.

Медаль 29-мартта Москва борбордук мечитинде жума намазда тапшырыла турганы маалымдалган.

Террорчулар 22-март күнү кечинде концерттик залга куралдуу кол салышканда, «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы гардеробдо жарым күн иштеген мусулман жигит Халилов 100дөн ашуун адамды туура эвакуация коридоруна багыттоо менен абалды көзөмөлгө алып адамдардын имараттан чыгып, коопсуз жерге жетүүсүн камсыздаган.

Социалдык тармактарга Халилов эвакуация жасаган учурларды уюлдук телефону менен тартып алган видеотасма жарыяланды.

Ушундай эле сыйлыкка эвакуацияга жардам берген 14 жаштагы Артём Донсков да татыктуу болду.

Орусиянын Тергөө комитети кол салууда 139 кишинин каза болгонун, 100дөн ашууну жарадар болгонун жарыялады.

Орусиянын президенти Владимир Путин кол салууну уюштурган 4 террорист менен бирге 11 кишинин кармалганын билдирди.



Тектеш кабарлар