Хырка-и Шериф жума күнү зыяратка ачылат
Хырка-и Шерифти Рамазан айында иш күндөрү саат 10.00-17.00, дем алыш күндөрү 09.00-17.30 арасында көрүүгө болот.
Мухаммед пайгамбардын Вейсел Караниге белек калтырган Хырка-и Шериф жума күнү Стамбулдагы Хырка-и Шериф мечитиндеги Хырка-и Шериф кеңсесинде зыяратчыларга ачылат.
Жыл сайын Рамазан айынын биринчи жумасында зыярат башталган Хырка-и Шериф саат 10:00дө эшигин зыяратчыларга ачат.
Хырка-и Шерифти Рамазан айында иш күндөрү саат 10.00-17.00, дем алыш күндөрү 09.00-17.30 арасында көрүүгө болот.
Азирети Мухаммеддин керээзи менен Вейсел Караниге тартууланган ыйык аманаттардын бири Хырка-и Шериф 1851-жылдан бери Фатих районундагы анын атына курулган Хырка-ы Шериф мечитинде сакталууда.
Мухаммед пайгамбарыбыздын аманаты Хырка-и Шериф бүгүнкү күндө Вейсел Каранинин 58 жана 59-муундагы неберелери тарабынан сакталып, зыяратчыларга ачылууда.
Кадыр түндө болсо зыярат таравих намазынан кийин таңкы саат 03.00гө чейин уланат, ал эми арапа күнүндө Хырка-и Шерифке зыярат бешим намазынан кийин дуба менен аяктайт.