Гөбеклитепеге 2,5 миллиондон ашуун киши келди

Гөбеклитепеге жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусу күн санап өсүүдө.

2112951
Гөбеклитепеге 2,5 миллиондон ашуун киши келди

«Тарыхтын нөл чекити» деп сыпатталган Шанлыурфадагы Гөбеклитепе урандылары 2019-жылы расмий ачылгандан бери 2 миллион 551 миң туристти кабыл алды.  

Неолит дооруна таандык, бийиктиги 3-6 метрге, салмагы 40-60 тоннага жеткен жапайы жаныбарлардын фигуралары түшүрүлгөн «Т» формасындагы обелисктерди камтыган Гөбеклитепеде дүйнөнүн эң эски ибадаткана урандылары жана болжол менен 12 миң жыл мурункуга таандык экени айтылган 65 сантиметр бийиктиктеги адам айкели сыяктуу ар түрдүү тарыхый экспонаттар табылды.  

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) 2018-жылдын 2-июлунда Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөбеклитепеге жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусу күн санап өсүүдө.

Түштүк-Чыгыш саякаттарында  маанилүү жерлердин бирине айланган урандыларды, ачылгандан бери 2 миллион 551 миң 535 киши зыярат кылды.

Гөбеклитепе аянтынын жетекчиси жана Шанлыурфа музейинин директору Желал Улудаг урандылардын дүйнөнүн жана Түркиянын археологиясы үчүн абдан маанилүү орду бар экенин белгилеп: «Бул жерге келген адамдар аймактагы ушул курулуштарды, өзгөчө стелалардагы адам жана жаныбарлардын фигурасын көргөндө чындап таң калышат. Анткени Гөбеклитепе урандылары дүйнөдөгү эң байыркы жана монументалдык архитектура жагынан өзгөчө./.. ./ Гөбеклитепе чындап эле дүйнөлүк тарыхты өзгөрткөн маанилүү пункттардын жана маанилүү борборлордун бири»,-деди.



Тектеш кабарлар