Түркия Тегерандагы туризм жарманкесинде

Түркия баш болгон көптөгөн өлкөдөн фирмалардын катышуусу менен кечээ Тегеранда башталган жарманке төрт күнгө созулат.

2101791
Түркия Тегерандагы туризм жарманкесинде

Иранда өтүп жаткан 17-Тегеран эл аралык туризм жана кол өнөрчүлүк жарманкесине катышкан түрк фирмалары Иран менен Түркиянын ортосундагы туризмди дагы да өнүктүрүүнү максат кылышууда.

Түркия баш болгон көптөгөн өлкөдөн фирмалардын катышуусу менен кечээ Тегеранда башталган жарманке төрт күнгө созулат.

Жарманкеге Түркия, Өзбекстан, Индонезия, Таиланд жана Орусия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдөн катышкан туристтик компаниялар, мейманканалар жана тур фирмалары бир жагынан кардарлары менен байланышып экинчи жагынан жаңы кызматташтыктар үчүн фирмалар аралык жолугушууларды өткөрүшүүдө.



Тектеш кабарлар