«Тай» тасмасынын экинчиси «Тай 2: Эбабил командасы» Европада кино сүйүүчүлөр менен жолугушту

Чабарман ат болууга аракет кылган Тайдын окуясы чагылдырылган тасма эрдик, достук, чечкиндүүлүк сыяктуу баалуулуктарды камтууда.

2096370
«Тай» тасмасынын экинчиси «Тай 2: Эбабил командасы» Европада кино сүйүүчүлөр менен жолугушту

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси TРТ биргелешип чыгарган «Тай» тасмасынын экинчиси «Тай 2: Эбабил командасы» Европада кино сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Бельгия, Германия, Австрия, Англия, Нидерландия, Франция жана Азербайжанда көрсөтүлгөн тасманын эл аралык таанытуу координатору Осман Доган : "Тай серия тасмабыздын экинчи тасмасы "Эбабил командасы" менен сапарын Европада улантууда. Бүгүндөн тарта жалпы Европада  өзгөчө жердештерибиз көп жашаган 50 шаарда көрсөтүлөт. Балдарыбыздын жактыруу менен көрө турган тасмабызга  бардык кино сүйүүчүлөрдү үй  - бүлөлөрү менен күтөбүз",- деди. 

Тасманын Европадагы көрсөтүү залдарын "af-media.eu" сайтынан тапса болот.

Чабарман ат болууга аракет кылган Тайдын окуясы чагылдырылган тасма эрдик, достук, чечкиндүүлүк сыяктуу баалуулуктарды камтууда. 

Режиссёру Нуруллах Йенихан болгон тасманын сценарийин Айше Шахинбой Доган жана Айше Севим жазды.

 



Тектеш кабарлар