Стамбулда адам ресурстарын башкарууга карата чоң жыйын өттү

Жыйынга Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөр толук катышып Түрк мамлекеттеринин Адам ресурстарын өнүктүрүү институтун куруу боюнча бирдей пикирде болушту.

2077926
Стамбулда адам ресурстарын башкарууга карата чоң жыйын өттү
İnsan Kaynakları Ofisi İstanbul 1.jpg
İnsan Kaynakları Ofisi İstanbul 3.jpg
İnsan Kaynakları Ofisi İstanbul 4.jpg

Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн Адам ресурстары боюнча агенттиктери жана академияларынын Адам ресурстарын башкаруу жана өнүктүрүүгө карата жыйналышы Түркия Республикасынын Президентигине караштуу Адам ресурстары кеңсесинин жетекчилигинде Стамбулда өттү.

Жыйынга Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөр толук катышып Түрк мамлекеттеринин Адам ресурстарын өнүктүрүү институтун куруу боюнча бирдей пикирде болушту.

Ошондой эле катышкан бардык өлкөлөр өздөрүнүн адам ресурстарын өнүктүрүү жана аларды окутуу, тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга даярдыктарын билдиришти.

Бул жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин департаментинин башчысы Нургүл Абдымамытовна Жамангулова, эл аралык кызматташтык жана окутуу бөлүмүнүн башчысы  Данияр Унгарбаевич Суюнов жана агенттиктин адиси Роза Токтомамат кызы катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жамангулова: "Түрк мамлекеттери биргелешип өнүгүү үчүн зор потенциалга ээ. Адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана кызматташуу үчүн жалпы аянтчаны түзө алабыз. Түркиянын Түрк дүйнөсүнүн адам ресурстарын өнүктүрүү институтун түзүү демилгеси биздин жалпы адам ресурстарын өнүктүрүү жана биримдикти бекемдөө маселелери натыйжалуу талкууланып, чечиле турган жалпы платформа катары кызмат кыла алат",-деп белгиледи.

Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн жыйынынан соң эртеси күнү Президенттик аппараттын адам ресурстары кеңсесинин жетекчилигинде «Коом 5.0» аттуу форум өттү.

Форумга дүйнөнүн ар тарабынан коомдук ишмерлер, академиктер, адистер, ишкерлер, медиа мүчөлөрү жана студенттер катышышты.

Форумдун ачылышын Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз жасады.

Стамбул Адам ресурстары форумунун өткөн жылы биринчи жолу «Жаңы кылымдын таланттар базасы» темасы менен уюштурулганын эске салган Йылмаз форумдун бул жылы «Коом 5.0» темасына көңүл бурганын абдан маанилүү деп тапкандарын айтты. .

Йылмаз санариптештирүү жана жаңы технологиялардын таасири менен күнүмдүк жашоонун да, бизнестин да өзгөрүшүнө күбө болгонубузду белгилеп: «Санариптик трансформация, жасалма интеллект, автоматташтыруу жана маалымат аналитикасы сыяктуу тармактардагы жетишкендиктер жумушчу күчүнүн динамикасын өзгөртөт. Ошол эле учурда жаңы компетенцияларга ээ болууга жана болгон компетенцияларды тынымсыз өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2030-жылга карата дүйнө жүзү боюнча 25 миллион жаңы жумуш орундары түзүлөт жана 6 миллион жумушчу орундары жок болот»,-деп айтты.

"Биз адамдарга багытталган иш жасайбыз"

Жевдет Йылмаз инсанга багытталган изилдөөлөрдү жүргүзүшкөнүн жана бул түшүнүктү ураан катары кабыл алышканын белгилеп, сөзүн мындайча улантты: "Бизде башка маселелердегидей эле адамдык капиталдын компетенттүүлүгүн башкарууда адамга багытталган мамиле бар. Буга жетишүүнүн негизги максаты кайрадан адамдар. Биз бардык саясаттарыбызды ушул түшүнүк менен түзөбүз. Ошондуктан, "Коом 5.0" санариптештирүү жана технология, адамзаттын жыргалчылыгы жана өнүгүүсүнүн куралы катары адамдарды борборго койгон. "Биз" деген перспективаны кабыл алып, позициябызга бекем турдук. Академиялык чөйрөлөрдө технологияга гана артыкчылык берген "Индустрия 4.0" мамилеси жана анын ичиндеги тиркемелер кандайча талкууланууда. Бул алкак адамдарды жана баалуулуктарды четке кагат. Ошондуктан биздин мамилебиз адамдык мамиле жана муну 'Коом 5.0' урааны менен жыйынтыктайбыз."

Иштерин адам ресурстарын башкарууда адамга багытталган Түркия модели менен түзүшкөндөрүн баса белгилеген Йылмаз : «Адамдык капиталыбызга карата саясаттарыбыз менен жаштарыбыздын жана кызматкерлерибиздин үмүтүн күчөтө турган, талантын башкаруу моделинин үстүндө иш алып барабыз. Өзүнө ишенүү, жөндөмүн жана компетенттүүлүгүн арттыруу жана мамлекетибиздин жана жеке секторубузду ийгиликтен ийгиликке алып чыгуу”,-деди.

Президенттик аппараттын адам ресурстары кеңсесинин башчысы Доц. Д-р Салим Атай ачылышта сөз сүйлөп, кеңсе катары жыл бою карасак, бардык долбоорлорун ишке ашырышканын жана кийинки мезгилге ишке ашыра турган долбоорлорун пландап жатышканын айтты.

Атай : «Биз үчүн жакшы нерсе, мындан 5 жыл мурда түзүлгөн Адам ресурстары кеңсесинин учурдагы жана келечектеги долбоорлору менен Президенттигибиздин жылдык программаларында өз ордун ала баштаганы. 5 жылдык өнүгүүбүздө да кеңсебиз тарабынан өндүрүлгөн кызматтарды чагылдырган план, иштер өз ордун ээледи. Кеңсе катары чыгарган иштерибиз "Кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы мезгилде да сезимталдык менен улана тургандыгы, мамлекеттин чатырча мекемелеринде жана пландарында орун алып, биздин бардык жылдык эмгегибиздин сыйлыкка ээ болгондугу бизди абдан кубандырат»,-деп айтты.

"Дүйнөнүн батышынан тыштан үн чыгып, "Индустрия 5.0" эмес, "Коом 5.0" деди"

Салим Атай өнөр жай төңкөрүштөрүнө токтолуп, бул күндөрдө кеңсе болуп иштей баштаганда көбүрөөк сезип жатышканын айтып, баары Индустрия 5.0ду күтүп жаткан учурда дүйнөнүн батыш тарабынан да үн чыгып жатканын белгиледи.

Атай: «Бул үн: «Өнөр жай 5.0 болбошу керек, Коом 5,0 болушу керек»,- деди. "Өнөр жай төңкөрүштөрү технологияны алдыңкы планга чыгарса, табигый түрдө адамдар натыйжалуулук, кирешени максималдаштыруу жана стандартташтыруу сыяктуу себептерден улам артка кетти. Буга ылайык технологиянын өнүгүшүнө жана адамдын жашоо стандарттарына параллелдүү болбогон бир абал пайда болду.",-деп айтты.

Форумга катышкан Кыргыз Республикасынан жана Түрк мамлекеттеринен келген ишмерлер жана адистер абдан жакшы тажрыйба алмашуу болгонун, ушул сыяктуу форумдар тез-тез өткөрүлүп өлкөлөрдүн жаштарына жаңы жолдорду көрсөтүү керектигин белгилешти.

 

 



Тектеш кабарлар