Эрдоган «Ачык иш» чыгармасын карап чыкты

Президент Эрдоган Стамбулдагы «Ататүрк» маданий борборунда көргөзмөгө коюлган эмгекти карап чыкты.

2077542
Эрдоган «Ачык иш» чыгармасын карап чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Лондон Биенналында 47 өлкө жана 22 университеттин арасында «Коомдук сыйлыкка» ээ болгон жана акыркы 20 жылдын эң таасирдүү эмгектери тизмеленген Кызыл китепке кирген «Ачык иш» аттуу эмгекти карап чыкты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы «Ататүрк» маданий борборунда көргөзмөгө коюлган эмгекти карап чыкты.

Чыгарманын ээси Зейнеп Мелет Булут менен бир канча убакыт баарлашкан Эрдоган, «Ачык иш» тууралуу маалымат алды.

Булут кийинки билдирүүсүндө чыгарманын ар ким тарабынан сүйүлүп кабыл алынганына көңүл буруп, президент Эрдогандын да чыгарма тууралуу жакшы сөздөрүн айтып, ыраазычылыгын билдиргенин айтты.

«Ачык иш» 2023-жылдын июнь айында Лондондогу Биенналда тарыхый Сомерсет үйүнүн короосунда көргөзмөгө коюлгандан кийин 47 өлкөнүн жана 22 университеттин арасынан тандалып алынган жана «Public Award» сыйлыгын жеңип алган.

Эл аралык басма сөздө да орун алган театралдык эстелик Түркиянын атынан биринчи жолу маанилүү искусство сыйлыгына да ээ болду.

Лондон дизайн фестивалынын 20 жылдыгына арналган атайын тандоого чакырылган «Ачык иш» тарыхый Темза дарыясынын жээгинде Лондондун силуэтинде илинип көргөзмөгө коюлган.

Бул көргөзмө менен эмгек Кызыл китепке кирген, акыркы 20 жылдын эң таасирдүү эмгектерин тизмектеген жана «Лондон шаарынын мэри» жана «Виктория Альберт» музейи сыяктуу баалуу мекемелердин калыстар тобунун алдында даярдалган 30 эмгектин бири болду.

Маданият жана туризм министрлигинин чакыруусу менен «Ататүрк» маданият борборунда атайын Республиканын 100 жылдыгына карата көргөзмөгө коюлган эмгек, шаардын ортосунда отурукташкан эмес, искусство сүйүүчүлөргө дүйнөгө тиешелүү суроолорду жараткан кээде тар жана убактылуу театралдык эстелик катары тартууланат.



Тектеш кабарлар