"Дем - Жер минус эки" тасмасы жарык көрдү

Эки миң метр бийиктиктеги полиция бөлүмүндө тартылган тасмада аймакта кызмат өтөгөн көптөгөн чыныгы баатырлардын издери бар.

2077098
"Дем - Жер минус эки" тасмасы жарык көрдү
Nefes - Yer Eksi İki.jpg
trt genel muduru zahid sobaci.jpg

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Мехмет Захид Собажы, ТРТнын биргелешкен чыгарылышы «Нефес - Йер Экси Ики» (Дем-Жер минус эки) кинотасмасынын эр жүрөк баатырларга болгон жоопкерчиликти аткаруу аракетинин чагылуусу экенин айтты.

ТРТнын башкы директору Собажы, ТРТнын биргелешкен чыгарылышы «Нефес - Йер Экси Ики» аттуу фильмди кинотасманын тобу менен бирге көрдү.

«Бул тасма эр жүрөк баатырларыбызга карата жоопкерчилигибизди аткаруу аракетибиздин чагылышы»,- деген Собажы, ТРТнын өз эгемендигине шек келтирбеген, жерлери шейиттердин каны менен сугарылган ушул аймакта, 8 миллиард адамды дагы адилеттүү дүйнө көз карашы менен кучагына алууга аракет кылган коомдук телерадиокомпания экенин айтты.

ТРТнын өткөн жылы чыгарылыш тармагында көптөгөн жаңылыктарды жасаганын жана эл аралык берүү тармагында «Эмми сыйлыгы», санариптик платформа «Табиинин» да ишке киргенин эске салган Собажы, рейтингде жетишилген ийгиликтердин уланып жатканын билдирди.

Собажы ТРТнын 2024-жылы да эч ким менен эмес, өзү менен атаандашып, сызыкты жогору көтөрөрүн айтты.

Эки миң метр бийиктиктеги полиция бөлүмүндө тартылган тасмада аймакта кызмат өтөгөн көптөгөн чыныгы баатырлардын издери бар.

"Дем - Жер минус эки" тасмасы бүгүн Түркиянын бардык жерлериндеги кино залдарында көрсөтүлө баштады.



Тектеш кабарлар