"Сабиха Гөкчен" аэропорту 7 сыйлыкка ээ болду

Түркиянын экинчи чоң аэропорту Стамбул Сабиха Гөкчен (İSG) "Bluesky Awards 2023тө" сыйланды.

2069804
"Сабиха Гөкчен" аэропорту 7 сыйлыкка ээ болду

"Сабиха Гөкчен", авиация тармагындагы ийгиликти жана мыктылыкты көрсөткөн "Bluesky Awards 2023тө" 7 сыйлыкка ээ болду.

Стамбул Сабиха Гөкчендин (İSG) билдирүүсүнө караганда, Түркиянын экинчи чоң аэропорту Стамбул Сабиха Гөкчен (İSG) "Bluesky Awards 2023тө", «Авиациялык жетишкендик сыйлыктары» категориясында «Жылдын санариптик аэропорту» болуп тандалса, «Авиация долбоору сыйлыктары» категориясында 6 долбоор менен калыстар тобу тарабынан сыйланды.

İSGдин «Авиация долбоору сыйлыктарында» алган сыйлыктары: Жылдын Авиациялык жеткиликтүүлүк долбоору: Унаа токтоочу жай процесстерин санариптештирүү долбоору, Жылдын авиациялык технология долбоору: Консультация үчүн электрондук котормочу долбоору, Жылдын авиациялык долбоорлоо долбоору: Кадыкөй- Рельстерден абага метро долбоорлоо долбоору, Жылдын авиациялык жашыл инновация долбоору: SAWCycle электрондук таштандыларды кайра иштетүү долбоору, Жылдын авиациялык социалдык жоопкерчилик долбоору: Урмат-сый жылмаюу сезимин жаратат долбоору жана Авиациядагы алгачкылар жана жетишкендиктер сыйлыгы: Түркиянын биринчи аэропортуна берилгендик программасы ISG Portpal долбоору болду.



Тектеш кабарлар