Стамбул дүйнөлүк шаарлар индексинде 25-орунга көтөрүлдү

Кирни тарабынан даярдалган «Глобалдык шаарлар индексинин» 2023-жылдагы маалыматтары жарыяланды.

2063970
Стамбул дүйнөлүк шаарлар индексинде 25-орунга көтөрүлдү

Эл аралык кеңеш берүүчү Kearney компаниясынын «Глобалдык шаарлар индексинде» Стамбул бул жылы үч тепкичке көтөрүлүп, 25-орунга чыкты.

Кирни тарабынан даярдалган «Глобалдык шаарлар индексинин» 2023-жылдагы маалыматтары жарыяланды.

Дүйнөлүк экономиканын алдыңкы шаарларын аныктаган индексте өткөн жылы 28-орунда турган Стамбул быйыл 25-орунга көтөрүлдү.

Индекстин критерийлеринин бири болгон «маданий тажрыйба» тармагында кыска убакытта жасалган ылдам жылыш Стамбулдун көтөрүлүшүнө чоң салым кошту.

Стамбул аэропортунун ачылышы менен шаардын «саякат борбору» катары позицияланышы жана эл аралык саякатчылардын санынын чоң өсүшү Стамбулдун «маданий тажрыйба» жагынан 5 жылда 20 орун алдыга жылып, 15-орунга көтөрүлүшүнө шарт түздү.

Кирни тарабынан жасалган баалоодо Стамбулдун күчтүү жактарынын арасында эл аралык мектептердин жана боордош шаарлардын көптүгү да каралган.

Берилген маалыматка караганда шаарларды глобалдык экономикага жана интеграцияга ачыктыгына карап изилдеген рейтингинде Американын Нью-Йорк шаары тизменин эң башында орун алса, экинчи орунда Англиянын борбор шаары Лондон жана үчүнчү орунда Франциянын борбор шаары Париж болду.



Тектеш кабарлар