"Үч кыздын окуясы" Италияда сыйлык алды

500 долбоордун арасынан тандалып алынган 12 чыгарылыштын арасында Көрекендин эмгеги да орун алды.

2058397
"Үч кыздын окуясы" Италияда сыйлык алды

Нурсен Четин Көрекен режиссёрлук кылган «Үч кыздын окуясы» аттуу кино долбоору Италияда өткөрүлгөн MIA Co-Production Market эл аралык чыгарылышты колдоо жарышында «Жылдын мыкты кино долбоору» сыйлыгына татыктуу деп табылды.

Темага байланыштуу жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Римде өткөрүлгөн сынакка өтүнмө берген 500 долбоордун арасынан тандалып алынган 12 чыгарылыштын арасында Көрекендин эмгеги да орун алды.

Көрекен үч жылдан бери үстүндө иштеп жаткан, сценарийин жазган жана режиссёрлук кыла турган, штангист балдар даректүү тасмасы учурунда жолуккан чыныгы окуялардын негизинде тартылган тасма, быйыл биринчи жолу берилген MIA Co-Production Market жылдын мыкты фильм долбоору" сыйлыгын жеңип алды.

Көрекен сыйлык тапшыруу аземиндеги билдирүүсүндө "Эй кыздар, эч качан баш тартпагыла. Дүйнөнү үмүт, сүйүү жана достук менен кайра кургула" деди.

Түркиядан тандалып алынган жалгыз долбоор болгон тасманын тартылышын 2025-жылы ишке ашыруу пландалууда.

Италиянын Маданият министрлиги, Италиянын Тышкы иштер министрлиги жана Creative MEDIAнын колдоосу менен түзүлгөн MIA Co-Production Market жыл сайын көптөгөн тасмалардын арасынан тандап алган келечектүү кино долбоорлоруна өндүрүштүк колдоо көрсөтөт.

Оор атлетика аркылуу өзүнүн социалдык шарттарын жеңүүгө жана өз инсандыгын түзүүгө аракет кылган үч жаш штангист кыздын окуясын баяндай турган тасма чыныгы окуялардан шыктануу менен жазылган.



Тектеш кабарлар